30-январда Киевде дайынсыз жоголгон түркмөнстандык Мукаддас Насырлаева көпүрөдөн секирип, өз жанын кыйганы маалымдалууда.
Украинадагы түркмөн элинин диаспорасы кабарлагандай, 18 жаштагы Мукаддас Киевдеги өзү окуган университеттен Украинада жүрүүгө уруксат берген документинин мөөнөтүн узарта алган эмес. Буга байланыштуу ал өз жанын кыйган.
Университет жетекчилиги Насырлаева ага чейин эле окуу жайдан чыгарылганын билдирди.
Насырлаеванын денеси табыла элек. Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктар басылмасы кабарлагандай, түркмөн диаспорасынын жетекчиси Ровшенбек Розметов кыздын өлүмү боюнча кылмыш ишин ачтырууга аракет жасоодо.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ