Menu

Чубак такыр ашынып кетти…

Бөлүшүү:

Бул Чубак ажы Жалиловдун чуусу бүтпөс болду. Ка­чан болсо жыландын башын кылтыйтып, бир чырдын ба­шын баштап коюп, бир бүтүн кыргыз элин мусулман-каапырлар деп экиге бөлүп кагыштырган арам максатын токтотпос болду. Динге жамынып алып элдин бүтүндүгүнө, ынтымагына жик салган дааватынын кимге кереги бар? Исламга кызмат кылгысы келсе улуттун каада-салттарына, нарк-насилине асылбай эле, билген беш маал намазын окуп тынч отурбайбы? “Ноорузду каапырлар майрамдайт, мусулмандардын майрамы эмес” – деп келжиребей… Деги бул «мээсин дин желелеп» калган, динден башка баалуулуктардын баарын жокко чыгарып, оозуна ширктен башка келбеген кокуйдун тизгинин тартпаса такыр ашынып кетти. Молдолор ашынып кеткенди дем салып айыктырчу эле. Бирок мындай ыкма Чубак ажыга өтпөйт. Муну мыйзам менен гана дарылаш керек. Башка жол жок…

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: