16 жаштагы Садык Казиев – мектеп окуучусу. Анын ата-энеси дудук жана кулагы укпайт. Садык – ата-энесинин кулагы, тили, сырткы жашоону сездирип турган туюму. Ал бир жылдан бери музыканын коштоосунда ырларды кол жаңсап түшүндүрүп ырдап, тарткан тасмаларын интернетке жарыялап келет. Муну менен Садык ата-энеси эле эмес алар менен тагдырлаш адамдардын да ырларды түшүнүүсүнө көмөк көрсөтүп, ырахат тартуулоону максат кылат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ