Борбордун ачылышына өлкө президенти, Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы Эмомали Рахмон катышты.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мамлекет үчүн кандай гана коркунуч жаралбасын борбор аскердик башкаруунун башкы пункту болот.
Ал Тоолуу-Бадахшан автономдук облусунун, Рашт аймагынын, Согди жана Хатлон облустарынын администртивдик борборлору менен байланыштырылган.
Ошондой эле борбор заманбап жабык видеоконференция системасы менен жабдылган. Ал аркылуу маалыматтар электрондук форматта административдик борборлорго жөнөтүлүп турат.
Келечекте өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башка аскердик бөлүктөрүндө дагы 10го жакын башкаруу борборлорун түзүү пландалууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ