Menu

Аныгын эле айталычы?

Бөлүшүү:

Жылына жаздын эпкини жыттана баштаганда кичине илинчекти чоң нерсеге айландырып алып, ичиндеги бугун элге жайылтууга аракет кылган “ийри жыландар” бар. Жакындан бери коомчулуктун бүйүрүн кызытууга ышкысын козгоп жиберишти. Мынакей кырк кадам эмес бир кадамды жасай албаган өкмөттүн жүзү аныкталды, президент болсо эки жагын элеңдеп караган бойдон эсине келалбай турат. Элдин чыдамы кетти, эми күн ысый түшсө козголуп кетеринде күмөн жок. Жашообуз кургуйга кулады, — ​деп добулбас каккандар кылтыйган абалда турганы эмнеден?

Маселен, карапайым элдин тополоң чыгарууга ниети таптакыр жок. Анткени кайсыл топтун бийлиги келбесин аларга жылуулугу такыр тийбейт. Ошондуктан алар өз оокатын кылууга жанталбасташары белгилүү. Учурда дыйкандар үрөнүн камдоого, жер семирткичин алууга, техникаларын даярдык сабына тизүүгө кам көрүшүүдө. Элеттиктер болсо малы менен алышып, төрт түлүгү менен алек. Башкалары кыбыраганын токтотпой өз арабасын кылдыратууга муктаж. Демек, жай турмуштагы пенделерге оболу өлкөнүн туруктуулугу биринчи орунда турат.

Башаламандыкты копшоого ошондо кимдер кызыктар? Арийне, бийликтин тепсендисинде калган азыноолак топко, безип кеткен тың чыкмалардын бул жердеги саркындыларына бүгүнкү тынч, бакубатчылыкты айгинелеген абал жакпай турганы ырас. Ошол үчүн алар мамлекеттин түз бараткан кемесине тоскоолдук кылууга ынтызар. Андай “толкунду” жаратууга чамданган күмөндүү топ ириде маалымат булактарына болбогон “жомокторун” токуп окурмандар айдыңына таратууга кызыктар. Бийликке секирсе да жетпей калгандардын негизги максаты ортодо нааразылыкты “түптөө” болуп саналат. Мурдагы ажо менен азыркы өлкө башчысынын мамилесин бузууга, ар кандай “диверсиялык” чагымдарды ойлоп чыгарууга, эптеп эле бүлүк салууга шыктангандардын “идеяларын” чындыкка окшоштурууга өтө катуу аракет кылган “конструкторлор” бар экендиги кимди күмөн санаттырат? Андай кагазга кооз тамга менен кытыгылаган кептерди токугандарды бапестеп багышканы деле жалган эмес. Анткени алардын курсагы ошондой эпчилдигинин эсебинен кампайганын акылы жетишпегендер эле билбей калбаса башкалар жон териси аркылуу сезип турушат.

Калктын калыс таразасы көкүрөгүндө сакталуу. Кимдин кандай бүдөмүк ойлору бар экенин, элге жакшылыкты баары бир мамлекет ыроолорун, ортого отту кайсыл эргулдар жагаарын баамдаганга кудурети жетет. Ошондуктан жазгы тополоңдорду козуткусу келгендердин жетегинде болуп кетет деген жөн гана миф. А бирок, батыштын эпкини, кеткендердин чегерип турган арам каражаттары, котур ташы барлардын аракети эч убакта токтобойт. Өлкөдө тирешүү очогунда түтөгөн абал боло берет. Ошондуктан ушул тараптагы кол башындай “желдерди” арбытып жибербөөгө белсемдүү күрөш жүргүзүүнү күч түзүмдөрү эстен чыгарбоосу кажет. Учкундан алоолонгон өрт чыгып кетиши кайдыгерликтен улам кечиримсиз абалга кептерин да айта кетели. Айтор, сактык принципти колдон чыгарбоого умтулуу мезгил талабы деп койсок болот.

Булак: Ачык сөз

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: