Menu

Кыргызстанда 1932 үй бүлөө мамлекеттен жардам да жер да алып кооптуу аймактарда жашоосун улантууда – ӨКМ

Бөлүшүү:

Кыргызстанда 1932 үй бүлөө мамлекеттен жардам да, жер тилкесин да алып, бирок кооптуу аймактарда жашоосун улантышууда. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг жана болжолдоо департаменти республикабыздын аймагындагы кооптуу участкаларга тынымсыз байкоо жүргүзүп, өзгөчө кырдаал болуп кетүү коркунучун аныктап, кооптуу аймактарда жашаган жарандарды коопсуз жайларга көчүрүү боюнча жергиликтүү бийликтерге атайын эскертмелерди мезгил-мезгили менен берип турат.

1994-жылдан 2017-жылга чейин Республикабыздын аймагында жер  көчкү коркунучу бар жана башка кырсыктардан кооптуу участоктордо жашап жаткан үй-бүлөөлөр бар.

Жалпы республика боюнча жер көчкү түшүү коркунучундагы 929 участка аныкталган, аларды облустарга бөлүп айта турган болсок: Жалал-Абад облусунда – 459, Ош облусунда – 359, Баткен облусунда – 84, Нарын облусунда -21, Ысык-Көл облусунда-3, Бишкек шаарында-1 жана Ош шаарында-2.

Ушул кооптуу аймактарда жашап жаткан 18395 кожолук көчүрүлүүгө тийиш болсо, 1994-жылдан 2017-жылга чейинки аралыкта анын ичинен мамлекеттен жардам жана жер тилкелерин алып көчүрүлгөндөр 14145 кожолук. Ошондой эле мамлекеттен жардам жана жер тилкесин алып, бирок көчпөй, кооптуу аймактарда бүгүнкү күнгө чейин жашап жаткандар 1932 үй бүлөө. Анын ичинен жер көчкү түшүү коркунучу бар жерлерде 1746 кожолук, сел, жээк эрозиясы, кыртыш суулары көтөрүлүү коркунучу бар аймактарда 150 кожолук, таш кулоо жана башка өзгөчө кырдаал болуп кетүү коркунучу бар аймактарда 36 үй бүлөө жашайт.

Адам өмүрүнө коркунуч алып келген, кооптуу аймактарда өз өмүрүн жана үй бүлөөсүн тобокелге салып жашап жаткан жарандарга КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, жергиликтүү бийликтер тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет. Көпчүлүк учурда жарандарыбыздын кайдыгерлигинен улам кооптуу аймакта жашап жаткандардын өмүрүн алган кырсыктардын катталып жаткандыгы өтө өчүнүчтүү. Кыш жакындап калды, кайра эле жаз келет, жер көчкүлөрдүн активдешүүсү башталат, ошондуктан жарандарыбыз кооптуу аймактардан эртерээк көчүп кетүүсүн адистер эскертишет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: