Menu

Бүксүгөн уюк копшоло баштады, кесепети тийбейби?

Бөлүшүү:

Кезинде Бакиевдердин кол жоолугуна айланып, майлуу тармактарга ээлик кылып, ири кыймылсыз мүлктөрдү басып алган тың чыкмалардын эпчилдери дале болсо «манаптык» сапаттарынан кайта элек.

Кайтмак турсун тымызын “агитациялык” иштерди кыймылга келтирип, мурдагы кожоюндун тилектерин жүзөгө ашырууга аракетин жасап жаткан кези. Анткени азыркы бийлик – Сооронбай Жээнбековдун жакындары Оштун амандыгына зор жигердүүлүгүн айкындаган. Бекер жерден Бакыт Төрөбаев бир Бакиевчил генералга  агынан жарылбагандыр: -“Курманбек Салиевичти Оштон кууп чыккан Сооронбайлар болчу” – деп. Демек, азыр да бийликти көргөн сайын сиркеси суу көтөрө албагандар толтура. Керек болсо аларды салааңды бүгүп санап берсең да болот. Алардын кимдер экени маалым.

Маалымат айдыңы Кыргызстанда кичирейип кетти деген кепти так ошол мурунку бийликтин (качып кеткен) муруттары коомчулукка жайганга куштар. “Сары жамбаш” басылмалар ачык эле Бакиевдин мезгилинде сонун жашап жатканбыз, азыркы бийлик муз үстүндө калып, кылчылдап бийлегенди элге үйрөттү. Көлөкө катары келген өлкө башчы өз алдынча элдин маселесин чече албайт деген “шекерлүү” сөзүн колдон келишинче таратып жатат. Мунун себебин деле билүүгө чоң акылдын кереги жок. Анткени каражат булагы агылып турса, алардын добулбасын какпаганга аргасы жок  эмеспи. Тилекке каршы шайлоо маалында кээ бир ак үйдүн билермандары, ажонун тегерегиндеги таасирдүү фигуралар оппозициялык маалыматтарды колго алыш керек деген “демилгеси” аркылуу буларды дөндөйтүп таштаганы тескери жоругу болду  дегенге негиз бар. Иши адал, эти арам болгон “өз басылмалар” ачык айталбаса да муну күңкүлдөп калышарын деле билебиз.

Өткөндө өлкөдө “бунт” болду, Бишкек тургундары жылуулуксуз калып. Ошондо чыккан проблеманын жалаң тескери жагын чубап көрсөткөн ким болду? Албетте, теңирден тескери кеткен булактар ойт берме оюндарын козутушту. Ар кандай “ураандарды” токушуп, ичиндеги буктарын чыгарышты. Сапар Исаковду отставкага кетирүүгө, парламентти таратууга, элди көтөрүүгө кимдер үндөштү? Кайсыл булактар Бакиевди, Мырзакматовду жакташты? Кимдер түрмөгө камалган “саясатчылардын” таманын жылыткысы келди? Эмне үчүн Абдил Сегизбаевди өкмөт башчынын ордуна кудалап жиберүүгө ынтызар болушту. Улуттук коопсуздук комитеттин чоңун күм-жам кылууга  неге “алоолонуп” жатышат?  Мунун далай көмүскө жактары бар. Ал тургай экс-ажонун дарегине далай кептерди чаргытып жиберишти го?

Ушулардын баарын  бүксүгөн  уюктагы оңбогурлар жасаганын ким тана алат?  Деги алар кимдер? Илгери Владимир Ильич Ленин “Эмнеден баштоо керек?”- деген эмгегин тегин жерден жазган эместир. Ошондо ал гезит чыгарууну биринчи орунга койгон. Ушул тапта бийликтин ашмалтайын чыгарууга ыктаган кайсыл басылмалар калды? Кыргыз мамлекетинин алсыз жактарын баса көрсөтүп, жаздагы абалды эмитен курчутууга неге куштарлыгын көрсөтүп жатышат. Демек, бул “солчулдардын” тилегин жүзөгө ашыруунун амалы башталып жатканынын белгисиби? Мурда мурдун көрсөтүүдөн айбыгып жүргөндөр эми батыштын сырасын ичип кайкалай баштаганы эмнени каңкуулайт? Бириндеп кеткендердин бириге баштаганын жакшылыктын жышааны десек болобу?

Айрымдар эки фронтко ойногонду куп өздөштүрүп алышты. Булардын жүрүштөрүнө бут тосмок турсун, билип туруп колдоп жиберген «ак үйчүлөрдүн» тың чыкмаларына не дешке болот? Туурасын айтканда мындай “оюнчулардан” тазалануу зарылчылыгы келип чыкканын түз эле айталы да. Арийне, саясаттын талаптарына акылгөйлүк менен карабаса өлкөгө кесепети тиет. Тигил бирде кызыл, кезек келгенде ак шапке кийгендерге мамлекеттин кыйсыпырга кептелгени кызык экени жалганбы? Өзүлөрүнө ылайыктуу топ бийликти колуна имерип алса каалагандай тайраңдоого шарт түзүлөрүн билген үчүн жигердүү аракетин жасап жатышпайбы?

Ошентсе да маалымат каражаттарынын алдында жооптуу милдет болушу кажет. Биринчи кезекте кыргыз өлкөсүнүн бүтүндүгү, анда жашаган калктын тынчтыкта жашоосу, экономикалык өсүш, ортодогу көп улуттуу элдин ынтымак-ырашкердигинин бекем   болушу шарт. Ушул белгиленген маселелерди ширелтүүгө, туура маалыматты элге жеткирүүгө, ортодон жик чыгарбоого мына биз чеп болуп турушубуз маанилүү. Өлкөдө жаңжал чыкса, элибиз бүшүркөп турса, жергебизди коркунуч каптаса ким жабыркайт?  Мекенчилдик көрөңгөсү  калыптанбаган, алыска көз чаптырууга акылы жетпеген өзүмчүлдөрдүн сокурдугу  бүткүл элге залакасы тиерин билип койгон пайдалуу болорун эске салууга туура келет. Бийликтегилерди коомчулукка суук тумшук көрсөтүүгө, ажырым жаратууга, кымындай кемчиликтен пил жасоого  көндүм болгондордун кулагынан чойуп койуга неге болбойт? Мамлекеттин кызыкчылыгын коргоого аң-сезимдүү адамдар кол-кабыш кылууга милдеттүү. Антпесек  сегиз жылдан берки  тынч жашообузга бүлүк салынат. Бизге ызы-чуунун, сандырак кептин, амалдуулардын азгырыгынын кереги жок. Калк деген калыс тараза, кимдин ниети бузук, кайсыл басылма акыйкаттыкты, өлкөнүн өнүгүүсүн туу тутарын алар алаканга салгандай баамдап турат.  Кепти чынынан бузууга  эч кимдин дарамети жетпейт.

Жора Сулайманов      

Булак: Ачык сөз

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: