Menu

Премьер-министр Сапар Исаков кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 23-февралда, кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады.

Өкмөт башчысынын куттуктоо тексти:

«Урматтуу жоокерлер, сержанттар, прапорщиктер, офицерлер жана генералдар! Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн атынан Сиздерди – Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайм!

Элибизде аскердик кызматка илгертеден бери болгон сый жана кадырлуу мамиле калыптанып калган. Себеби, элибиз ѳзүнүн бай тарыхында нечендеген жолу сырткы душмандардын кол салуусунан коргонуп келген. Ата Мекенинин эгемендигин жана элинин эркиндигин коргоп жатып, элибиздин улуттук мүнѳзү калыптанып жана курчуган. Ушунун натыйжасында, Мекенди коргоочунун күнү мамлекетибиздеги жалпы калк майрамдай турган улуттук деңгээлдеги даражага жеткен жана бул күн расмий түрдѳ эс алуу күнү катары бекитилген.

Бул майрам погон тагынып, Мекендин чегинде колуна курал алып турган адамды эле эмес, жалпы «Ата Мекен», «Милдет», «Парз» жана «Намыс» деген сѳздѳргѳ кайдыгер карабаган, күчтүү, эрктүү жана кайраттуу мекенчил замандаштарыбыздын майрамы да болуп эсептелет.

Урматтуу Мекенди коргоочулар, аскер ардагерлери!

Сиздерди элибиздин тынчтыкта эмгектенип, бала-бакырасын тарбиялап, келечекке жаркын үмүт менен караган бейпил турмушун камсыз кылып жатканыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Сиздерге бекем ден соолук, бакубат турмуш каалайм!

Дагы бир жолу бардыгыңыздарды Мекенди коргоочунун күнү менен куттуктайм».

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: