Коопсуздук кеңешинин жыйында президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүү жаатында алгылыктуу иштер жүрбөй жатканын айтып, укук коргоо органдарын катуу сынга алган эле. Өлкө башчысынын каары УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Дүйшөнбек Чоткараевге тийип, кызматынан алынган. Азыр бул орунга ким келээри белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда, бул кызматка президенттин кеңешчиси Асылбек Кожобековдун келээри айтылууда. Ошол эле кезде, мурдагы коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер министр Жеңиш Раззаков дагы келип калышы мүмкүн экени кеп болуп жатат.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ