Menu

Темике эртелеп теминүүдө, жыт алганбы?

Бөлүшүү:

«Жогорку Кеңеш тарайт экен, жакында кайра шайлоо болгону атыптыр»-деген аңыз кеп айтыла берип эскирип баратат. Мындан улам жаңы партиялар пайда болуп атса, айрым эски партиялар баш көтөрө баштады. Маселен, мурунку өкмөт башчы Темир Сариев «Ак Шумкар» партиясын жандандыруу менен алек. Кийин парламентке кирүү максаты менен аракетти эрте баштаган кези. Темир Сариев абдан такшалган саясатчы, саясаттын күрөө тамырын кармай билген кыраакылыгы бар. Өлкөнүн экинчи адамы болгонго дарамети жеткен адам жөн адам эмес да… Демек, эртелеп аракетти баштаганына кара­ганда мурду «жыт алган» өңдөнөт. Азыр жалгыз партиянын Жогорку Кеңештин босогосун аттоосу өтө оорчулук жаратаары бештен белгилүү. Андыктан Аргенбаевичтин «Ак Шумкары» дагы жалгыз учпай эриш-аркак шайлоого катышуу жолун ойлонсо жакшы болмок. Бирок, «Ак Шумкар» кимдин ийинине конот маселе ошондо…

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: