Menu

Эл пикир: Эл өкүлү героин менен кармалса… Уят, кыргыз бийлиги, уят!!!

Бөлүшүү:

-Ооганстанда атайын заводдордо 1 жылда 8 миң тонна героин өндүрүлөт. БУУнун болжолунда Ооганстандан Борбордук Азия мамлекеттери аркылуу 1 жылда 90 тонна героин Россия, Европа Америкага өтөт. КР 2016-жылы 166 кг героин кармалса, 2017-жылы болгону 101 кг героин кармалып алынган. КР героин бизнеси гүлдөөдө. Кыргызстанда героиндин акчасы менен кызматтар, депутаттык мандаттар сатылып алынып, көптөр бизнес ачып алышты. 2018- жылы 15-16 февраль күндөрү Алма -Ата, Жамбул, Түштүк Казакстан обл. күч органдарынан атайын операциясында 35 адам карамалып, анын 33 адамы 2 айга абакка камалышты. Булардын арасында КР 4 жараны, алардын бири КР ЖК “Кыргызстан” фракциясынын дептутаты Асылбек уулу Дамирбек деген да бар экен. Ошентип өлкөнүн беделине эбегейсиз доо кетти! Дагы бир олутту жагдай, героин жаштардын аң-сезимине бүлүк салып, акыл-эсин алып, улуттун генофонун кыйратып бара жатат. Колго түшкөн биздин элгулдар казак тер­гөө кызматына көптөрдүн ысымдарын айтып берээри шексиз, деген пикирин Жолдошбек Токоев билдирди.

Ал эми белгилүү блогер Акбалык Жумалиева, «Кылмыштуулук жана кор­рупция менен күрөшүп берип жаткан Нурсултан Назарбаевге чоң рахмат! Сиз болбосоңуз, биздин кылмышкерлер эл өкүлү болуп жүрө бермек. Дагы күрөш күтөбүз. Шавкат Мирзиеев дагы жардам берсе жакшы болот, Эмомали мырза сиз да карап турбаңыз! Биз Таза Кыргызстанда жашагыбыз келет», коңшулаш мамлеткеттердин президенттерине билдирүүсүн жазды. «Жогорку Кеңештин депутаты оор кылмыш менен Казакстанда кармалып жатат. Кыргыз­станда кармалбай жүргөнү канча болду экен? Коррупция менен күрөшүүдө президенттин бекем эрки жана таза командасы болуш керек, – деп жазат, журна­лист Дайырбек Орунбеков.

Эске сала кетсек, Жогорку Кецештеги “Кыргызстан” фракциясынын депута­ты Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалган Чьщгыз Абакиров менен Уланбек Мурадиловго Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси («Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу мамлекеттик иш милдеттерин аткарууга ыйгарым укук алган адам тарабынан ири өлчөмдө товарлардын жана башка буюмдардын алынып өтүшү»), 264-беренеси («Трансулуттук кылмыш тобуна же трансулуттук кылмыш уюмуна катышуу) менен айып тагылып, эки айга камакка алынды. Алсак, тээ элдин үстүнө талп этап кулаган учак, күйгөн Ош ба­зары, өрттөнгөн кыргыз кыздары, 386 млн. көккө сапырылган АКШ доллары… Ай-ай аткаминерлер, томуктай эмес, топудай Кыргызстанды оңдой албай эсиңер ооду. Эми ичип тойбогон жалап тоймок белеңер…Минтип эл өкүлү геро­ин менен камакка алынып жатса, уялбай «Кыргызстан» фракциясы билдирүү таратып, кармалган эл өкүлүн актап коет. Силерде деле бет жок экен…

PS: Эң кызыгы, Дамирбек бир эле учурда казак жараны да болуп чыкты. Мына сага! Андан да кызыгы Асылбек уулу чынында Динарбек Супатаев экендигин, 1981-жылы эмес 1979-жылы туулгандыгын билип койуу керек. Албетте, жылды, ысмымды өзгөртүү криминалдык эмес спорттук кызыкчылыктан чыккан экен. 1997-жылы ал кадеттик биринчиликке катышмак болот, бирок ага 16 жашка чейинкилер гана катыша алмак. Мына ошондо… Азиянын биринчилигинде Ка­закстандын атынан чыгып 2001-жылы Дина-Дамирбек күмүш медалды утуп ал­ган. 2004-жылга чейин казактардын курама командасында жүрүп, бир нече ирет чемпион да болгон. Казак жарандыгынын болушу ачык эле кеп. Болгону УКМК 2009 жана 2015-жылкы шайлоодо ушуга көз салбаганы таң калтырат.

Булак: Кабар 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: