Бүгүн, 21-майга карата Кыргызстанда дагы 43 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 22, Нарын облусунан – 8, Ош облусунан – 4, Ош шаарынан – 5, Чүй облусу – 1, Баткен облусу – 2, Санк-Петербургдан келгендердин арасынан – 1 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 1313кө жетти. Алардын ичинен:
– Жалал-Абад облусунда — 154 адам;
– Ош облусунда — 201 адам;
– Ош шаарында — 129 адам;
– Бишкек шаарында— 342 адам;
– Нарын облусунда — 221 адам;
– Чүй облусунда — 106 адам,
– Баткен облусунда — 24 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 14 адам.
– Соль-Илецкиден келгендердин арасынан – 104 адам,
– Санк-Петербургдан келген жарандардын арасынан – 15 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ