Menu

Анжиянда жеке турак-жайда газ жарылып, 10 жаштагы бала катуу күйүк алды

Бөлүшүү:

Анжиян шаарындагы жеке турак-жайлардын биринде газ жарылып, 10 жаштагы баланын денесинин 65 пайызы күйүп калды. Ал оор абалда ооруканага жеткирилди. Үйдүн кожоюндары кышкысын газ үзгүлтүк менен берилерин айтышты.

Жеке турак-жайдагы жарылуу дүйшөмбүдө катталган. Окуяга газдын жылжып чыгышы себеп болгон.

– Учурда газ жана электр энергиясын үзглүтүккө учуратып беришүүдө. Газ ачык калыптыр. Бала кокустан жарыкты күйгүзүп жиберген, ошол маалда газ жарылган. Ал күнү баладан башка үйдө эч ким жок болчу. Анын аты Абдулазиз. Аны оор абалда ооруканага алып кетишти , – деди жарылуу болгон үйдүн кожоюндарынын кошунасы.

Анжиян медициналык бирикемесинин кызматкери 10 жаштагы Абдулазиздин денесинин 65 пайызы күйүп калганын билдирди. Учурда анын өмүрүн сактап калуу аракети көрүлүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: