Menu

Самсаалы Четинбаев, Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү: “Саясий оюндардан мамлекет да, эл да эч нерсе утпайт”

Бөлүшүү:

– Президент Сооронбай Жээнбеков эмне үчүн Фарид Ниязовдун отставкасын кабыл алган жок? Ал “экс президент экөөбүздүн ортобузда тиреш башталды” деген сөзгө жем таштаймбы деп корктубу?

– Бул – бири-бирине сес көрсөтүү, чочутуу, опуза. Көшөгөнүн артында ким турганын баарыбыз жакшы билебиз… “Бизди укпасаң эки бутуңду бир кончуңа тыгып коем”- дегени… Эки тараптын тымызын согушу. Мына ушундай болоорун эки жыл мурун эле Текебаев айткан. ‘Эгер бул Конституция өтүп кетсе, Атамбаев Арашанга жатып алып башкарат”- деп. Мына ошол заман келди. Бул саясий оюндардан мамлекет да эл да эч нерсе утпайт. Бийликти колдон чыгарбоонун эле амалдары деп түшүнсөк болот. Бүгүнкү күндө түшүнгөн кишиге мамлекеттеги акыбал өтө оор. Мамлекет тунгуюкка капталгандай акыбалда турат. Кайдa барба мамайдын көрү. Ар тарапта башалмандык. Мындай учурда жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков кырдаалды колго алып, духун көрсөтүп, өз жолун ачып кете алабы ? Бул өтө чоң суроо. Анткени, “кетем анда” деп койсо “булар башка оюн баштап ийбесин” деп коркуп, божуроп жүрө береби, убакыт көрсөтөт.

Булак: «Майдан.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: