– Президент Сооронбай Жээнбеков эмне үчүн Фарид Ниязовдун отставкасын кабыл алган жок? Ал “экс президент экөөбүздүн ортобузда тиреш башталды” деген сөзгө жем таштаймбы деп корктубу?
– Президент Фарид Аблезимовичтин отставкасын кабыл алгандыгынын себеби бар. Фарид Ниязов мамлекетибиздин саясатында алгылыктуу иштерди алып барып келген, мамлекетибиздин саясий туруктуулугун сактоодо жана бекемдөөдө профессионалдуулугу менен зор салым кошкон десек жаңылышпайбыз. Ал эми бул иш президент менен экс-президентибиздин ортосундагы ажырымга тиешелүү деп жыйынтык чыгарууга али эрте. Сооронбай Шарипович Алмазбек Шаршеновичтин жолун улайт. Туура эмес маалыматтар ортодогу ар кандай бузукулардын интригасы. Президент мөөнөтү бүткөнчө Фарид Ниязов менен иш алып барат. “Кыргыз көчү уланат”. “Апрель элдик революциясынын” максаттарын жана баалуулуктарын чогуу ишке ашырабыз.
Булак: «Майдан.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ