– Мамытбай мырза, учурда өлкөбүздүн ички жана тышкы карызы жыл сайын көбөйгөндүн ичинде гана болууда. Мамлекеттик казынанын азырынча профицит менен чыга турган түрү жок. Айтыңызчы, биз мындай көйгөйдөн канткенде арылабыз?
– Өзүбүздүн чыгарган продукциябызды сырткары сатканда гана. Маселен, ошол эле сүт, эт, жүн, тери жана айыл чарбадагы алынып жаткан жер-жемиштерди толук кайра иштетип, евростандартка жеткирүү менен жеңил өнөр жайды, кен иштетүүнү өзүбүз чыгарсак гана иш алдыга жылмакчы.
– Ошондо бюджет толуп, профицит жоголуп, ички-тышкы карыздан кутула калабызбы?
– Толук кандуу кутулбасак дагы элдин турмушун оңдоп, жумушчу орун менен камсыз кылуу болот. Мунун эсебинен салык чогулат да.
Ийгилик Болсунбаев
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ