Menu

Вашингтондо Boris Nemzov Plaza дареги пайда болду

Бөлүшүү:

Борис Немцовдун атып өлтүрүлгөндүгүнүн үч жылдыгын утурлай, Вашингтондо орус оппозиционеринин атындагы адрес пайда болду.

Орус элчилигинин алдындагы Висконсин-авеню аянтына анын ысымын берүүнү 2016-жылы флоридалык сенатор Марко Рубио сунуштаган. Демилгени январда Вашингтон шаардык кеңеши жактырган.

Аянтка ысым ыйгаруу салтанатына маркум саясатчынын кызы Жанна Немцова, анын үзөнгүлөштөрү, “Ачык Орусия” кыймылынын башчысынын орун басары Владимир Кара-Мурза, сенатор Марко Рубио, Хельсинки комиссиясынын теңтөрагасы Роджер Уикер баштаган кишилер катышты.

“Америка Үнү” кабарлагандай, Орусиянын расмий өкүлдөрү АКШдагы орус элчилигинин имаратынын жанында жаңы адрестин пайда болушун туталануу менен кабыл алышты.

Мамлекеттик думанын эл аралык иштер комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий январда Американын бул демилгесин орус бийлигине өчөшүп жасалган орой иш деп атаган.

27-февралда Москвада адамдар Борис Немцов атып өлтүрүлгөн көпүрөгө күн бою гүл алып келип жатышты. Орусиянын бир нече шаарларында саясатчыны эскерген акциялар өттү.

Борис Немцовдун өлтүрүлүшүнүн үч жылдыгына карата АКШ орус бийлигин аны өлтүргөндөрдү, уюштуруучуларды жана буйрук бергендерди жоопкерчиликке тартууга чакырды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: