Menu

Өмүрбек Текебаев: “Биз мамлекеттин үлүшү бар компаниялардын кантип сатылып жана тышкы аудит жүргүзүлүп, кийин жооптууларды таппай калган учурларды жакшы билебиз”

Бөлүшүү:
Бүгүн, 19-февралда парламенттик “Ата Мекен” фракциясынын кезектеги отуруму болуп өттү. Анда негизги маселе катары “Кыргыз Республикасындагы Улуттук холдинг компаниялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндөгү маселе каралып, талкууланды. Кыргыз Республикасынын Экономика министрилигинин айтымына караганда                                                        Кыргыз Республикасында мамлекет мурдагыдай эле отун-энергетикалык жана тоо-кен казуу комплекстеринде, табигый монополияларда жана телекоммуникациялык сектордо үстөмдүк кылып, ири менчик ээси бойдон калууда.
“Азыркы учурда мамлекет 63 акционердик коомдордо акционер болуп саналат, алардын ичинен 18 акционердик коомдор- стратегиялык обьекттер, ошондой эле дээрлик 300 мамлекеттик ишканаларга катышат.”-деп билдирди экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев.
Ошондой министрдин орун басары “Жогоруда белгиленген мамлекеттик компанияларда мамлекеттин кызыкчылыктарын билдирүүгө мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ыйгарым укуктуу, бирок, тилекке каршы, болгон ички жана тышкы факторлордон улам, бул мамлекеттик орган учурдагы абалында натыйжасыз башкаруучу болуп саналууда.
Мунун натыйжасында мамлекеттик компаниялардын ишинде биздин республиканын жыргалчылыгынын өсүшүнө көмөк көрсөтүүчү өнүгүү жок, ал эми натыйжалуу башкаруунун маселелери 20 жылдан ашуун чечилбеген бойдон калууда.”-деп кошумчалады.
“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев мыйзамды иштеп чыккандар, аны негиздемесинде мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдун кирешесин көтөрүүгө караганда, кийин инвесторго пайдалуу сатуу максатында компаниянын баасын көтөрүүгө көбүрөөк басым жасап койгондугун белгиледи.
«Бул мыйзамда эсеп палатасы холдингди текшере албайт деп жазылган, силер аудит сырттан жазалат деп кошумчалап жазыпсыңар. Биз мамлекеттин үлүшү бар компаниялардын кантип сатылып жана тышкы аудит жүргүзүлүп, кийин жооптууларды таппай калган учурларды жакшы билебиз. Эмне үчүн мамлекет башкы акционер болуп, 94 пайыз акцияга ээ болуп туруп эсеп палатасы аркылуу холдингдин ишмердигин текшере албасын?-деп таң калды Ө.Текебаев.
“Экономика министринин орун басары эсеп палатасы мамлекеттик бюджет тарабынан берилген каражаттардын чыгымдалышын жана холдингдин акцияларын натыйжалуу пайдалануусун гана текшере алат. Ал эми мүлк  жана сатып алуулар маселелери сырткы аудит аркылуу ишке ашат”-деп жооп берди экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев.
Ал эми депутат Алмамбет Шыкмаматов ушундай жол менен акционердик коомдорду мамлекеттик башкарууга алуунун дагы бир коррупциялык системасы түзүлүп жаткандыгын билдирип, мына буларга токтолду «Бул идея 2009-жылы чыккан, бирок элдин кысымынан улам, аргасыздан токтотулган. Биз азыр идеяны эмес, конкреттүү процессти талкуулап жатабыз”
Депутат Каныбек Иманалиев болсо Кыргызстан энерготармакты кайрадан жаратууда Борбордук Азиядагы лидер болгондугун баса белгилеп өттү.
«А дегенде энергетика министерлиги, андан кийин энергохолдинг түзүлгөн, анан энергокомпаниялар акционер коомдорго айланды, анан кайрадан министрликке айланса, эми энергохолдинг болуу менен 5-жолу кайрадан түзүлүп олтурат.  Силер төрт эле суроого жооп бириңиздерчи: биздин элди кандай башкаруунун модели кызыктырбайт, элди эң башкысы кандай чыгымдар болот, техникалык жоготуулар кантип азаят, киреше канчага көбөйөт жана коррупциялык системадан кантип кыйгап өтөбүз деген гана маанилүү суроолор  түйшөлтөт”-деп кошумчалады К. Иманалиев.
Аталган суроолорго депутат так жоопторду ала алган жок, анткени мыйзам долбоорун иштеп чыккандарда так эсептелген маалыматтар жок болуп чыкты. Бир гана нерсе белгилүү болду, энергохолдингдин түзүлүшү менен кызматкердин штаты 10 пайызга кыскарат экен.
Депутат Бахадыр Сулейманов энерго системаны кайрадан уюштуруунун негизинде техникалык жана коммерциялык чыгымдардын кыскарбаганын, дебитордук карыз жоюлбаганын, ал эми электр кубаттуулугуна болгон тарифтер жыл сайын кымбаттап бараткандыгын айтып өттү.
«Биз 1998-жылдын БСУнун мүчөсүбүз, мында мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам кабыл алынган, дүйнөлүк банктын талаптары боюнча, акционердик коомдордо 51 пайыз үлүшү бар компаниялар бул мыйзамга ылайык келет. А силер холдингди бул мыйзамдан кыйгач алып кетип жатасыңар, ошентип силер сатып алууларды өзүңөр жүргүзүп, минималдуу чекти алып салып, Максим Бакиевден дагы катуу кетип жатасыңар. 2008-жылы И.Чудинов премьер-министр болуп турганда өкмөттүн токтомуна кол койгон, ал боюнча  сатып алууларды бир жерден жана тендерсиз сатып алууга жол берген эң төмөнкү чектеги сумма көтөрүлүп кеткен. Холдингдин каржы ишмердигин бир дагы мыйзам көзөмөлдөй албайт экен, бул эмне деген шумдук. Силер энергосистемадагы “ширшовдук схеманы” мурдагысынан дагы өркүндөткүңөр келип жатабы?”-деп нааразы болду Б.Сулайманов.
Фракциянын лидери Ө.Текебаев Коопсуздук кеңешинин отурумунда президент бирдиктүү вертикалдуу компанияны түзүү тапшырмасын берген болчу да, бирок анын тапшырмасы аткарылган жок. Холдингдин ичинде мурда түзүлгөн бардык 9 акционердик компаниялар өз алдынча чарба жүргүзүүчү субьектер катары иштей беришет экен.
Натыйжада “Ата Мекен” фракциясы “Кыргыз Республикасындагы Улуттук холдинг компаниялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайрадан иштеп келүүгө жөнөтүп жана экономика министрлигине бардык эскертүүлөрдү эске алуусун сунуштады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: