Menu

Өкмөт 2018-жылга дем алыш күндөрүн бекитти

Бөлүшүү:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков «Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.

Чечим 2018-жылкы дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынган.

Токтомго ылайык, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2018-жылдын 3-мартындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 9-мартындагы иш күнүнө которулат. Өкмөттүн аталган чечими ошондой эле жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине пайдаланууга сунушталат.

Буга байланыштуу кыргызстандыктар 2018-жылдын 8,9,10 жана 11-мартында эс алышат. Мындан тышкары, төмөнкүлөр которулат:

– 2018-жылдын 28-апрелиндеги дем алыш күнү 2018-жылдын 30-апрелиндеги иш күнүнө;

– 2018-жылдын 7-майындагы дем алыш күнү (дем алыш күнү катары таанылат, анткени, 5-май дем алыш күнүнө туш келет) 2018-жылдын 3-сентябрындагы иш күнүнө;

– 2018-жылдын 3-ноябрындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 9-ноябрындагы иш күнүнө которулат;

– 2018-жылдын 29-декабрындагы жана 2019-жылдын 5-январындагы дем алыш күндөрү 2018-жылдын 31-декабрындагы жана 2019-жылдын 2-январындагы иш күндөрүнө тийиштүү түрдө которулат.

Натыйжада, кыргызстандыктар кошумча түрдө 30-апрелде, 3-сентябрда, 9-ноябрда, 2018-жылдын 31-декабрынан 2019-жылдын 2-январына чейин эс алышат.

Иш күндөрү катары 2018-жылдын 3-марты, 28-апрели, 7-майы, 3-ноябры, 29-декабры жана 2019-жылдын 5-январы жарыяланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: