Menu

Айбек Мырза, Элдик курултайды өткөрүү комитетинин төрагасы: “Президенттен чечкиндүү кадамдарды жасоону, өз алдынча саясат жүргүзүүнү талап кылабыз”

Бөлүшүү:

Акыркы мезгилдеги саясый акыбал менен макул эместигин билдиришкен миңдеген мекендештер Туруктуу элдик кеңешке Элдик курултай өткөрүү демилгеси менен кайрылышкан. Бул демилге колдоого алынып, апрель айынын башында Элдик курултай өткөрүү чечими кабыл алынды. Элдик курултайды уюштуруу комитети түзүлүп, ага төрага болуп жаш саясатчы Айбек Мырза бир добуш менен шайланды. 

– Мекенчил күчтөр бул курултайды кандай максатты көздөп уюштуруп жатасыңар?

– Мамлекетте болуп жаткан коомдук-саясый, социалдык-экономикалык абалды талкуулоо максаты турат. Кыргызстанда оор, чырмооктошкон коомдук-саясый кырдаал түзүлдү. Жаңы президент Сооронбай Жээн­беков шайланып, ишке киришкенден бери 100 күндүк убакыт өтсө да мамлекеттик өнүгүү багытында эл ишенерлик кадамдар байкалбай жатат. Бирок, кыргыз эли жаңы президенттен чечкиндүү кадамдарды жасоону, өз алдынча саясат жүргүзүүнү жана авторитардык башкарууну түп-тамыры менен жоюусун күтүүдө. Биз да ошол талапты коёбуз.

– Бул курултайдын арты менен Кыргызстандын тагдыры түп-тамырынан бери башка нукка бурулуп кетиши мүмкүнбү?

-Толук мүмкүн. Анткени эл коррупциядан, автори­тардык режимден тажады. Өзгөрүүнү, чоң бурулушту, улуттук кайра жаралууну талап кылышууда. Саясый куугунтук жана сөз эркиндигине болгон кысым уланып келет. «Кумтөр» маселеси чечилбеди, Ош коогалаңынын чыныгы күнөөкөрлөрү табылбады, эч ким жазасын алган жок, Батукаевди мыйзамсыз бошоткондор жоопко тартылбады, бир канча адамдын өмүрүн алган Дача-СУдагы кырсык жабык бойдон турат, кадр саясаты элдин эмес, бир адамдын кызыкчылыгына жараша жүрүүдө. Элди жумуш орундары менен камсыздап, экономиканы көтөрүү аракети жетишсиз болууда. ТЭЦке бөлүнгөн 386 млн. доллар каражат максаттуу пайдаланылгандыгы жөнүндөгү маселе ачыкталбады, мамлекеттик коопсуздук жана чек ара маселелери Кыргызстандын кызык­чылыгына ылайык чечилбей келүүдө.

– Колдоого алган күчтүү саясый фигуралардан кимдерди айта аласың?

– Көп саясый күчтөр келишүүдө, тилектеш баардык саясатчылар, активисттер менен кызматташып жатабыз. Кененирээк маалымат жакындаганда убактысы, орду такталганда маалымдалат.

– Болжол менен канча адам чакырылууда?

– Кеминде 1000ден ашык делегаттар менен өткөрүү пландашып жатат. Элдик курултайга делегаттардан сырткары Кыргыз Республикасынын президенти Соо­ронбай Жээнбеков, экс-спикерлер, экс-премьер-министрлер, бийлик бутактарынын жана ММКнын өкүлдөрү чакырылат.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: