Жогорку Кеңеш Казакстанда кармалган кыргыз депутаты тууралуу маселени талкуулап, тиешелүү мекемелердин маалыматын угушу керек. Мындай сунушун парламенттин жалпы жыйынында депутат К.Бокоев айтты.
Ал Тышкы иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук комитетинин жана Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилигин чакырып, Асылбек уулу Дамирбек тууралуу айтылып жаткан сөздөрдүн чын-төгүнүн сураштырууну сунуштады. Ошону менен катар ал жогорку кызматтагы башка жетекчилерди да текшертүү керек деп эсептерин айтты:
– Ар жерден суроолор түшүүдө, биз маалыматтын жоктугунан жооп бере албай жатабыз. Башка саясий жана жогорку кызматтагылар боюнча эмне кылабыз, алардын жарандыгын? Текшертели баарын анда. Эл ызы-чуу болуп жатпайбы “мындай болсо эртең президенттикке башка мамлекеттин жараны келип калса” деп.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ