Экс-президент Роза Отунбаева: «Президент коопсуздук кеңешин баштаганда эле кыргыз-тажик чек арасындагы аткезчилик жана казино тууралуу айтып баштады. Азыр чек арада, Бажыда былык иштер толуп жатат. Эсиңерде болсо, Бекназаров менен Атамбаевдин 2010-жылы апрелдеги сөзүндө Матраимов тууралуу сөз болгон. Бекназаров Матраимовду алып салбаса болбойт деген. Ошол боюнча тынчыды. 6 жыл бою ошол түтүк керектүү жерге акчаны агызып жатты. Бүгүн мына кыргыз-тажик чек арасындагы аткезчиликти тазалаганга эрки жетеби? Биз экзамен катары көрөлү. Президент айтып жатканда, ал аткарылса туура болот эле. Баарыбыз кошулбасак, бир муштумга бирикпесек эч нерсе чыкпайт. Азыр бийликти басып отурган эки баштуу бийликке алыбыз келбей жатат», – деп айтып чыкты. Эмне максатты көздөп жатат?
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ