Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп иштеп келген Данияр Сыдыков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалды. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Айзада Субакожоева февралдын аягында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) баш катчысынын орун басары болуп дайындалган. Ошондон бери бул кызмат оруну бош турган.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ