Menu

Эл өкүлдөрү Талас шаарындагы шайлоочулар менен жолугушуп келишти

Бөлүшүү:

3-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Кенжебек Бокоев жана Алтынай Өмүрбекова Талас шаарында шайлоочулар жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү талкуулашты. Эл өкүлдөрү айтылган маселелердин чечүү жолдору тууралуу ой-пикир бөлүштү.

Депутат Кенжебек Бокоев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын күчөтүү үчүн алардын бюджетин 2 эсе көбөйтүү боюнча Жогорку Кеңеште көтөргөн демилгеси тууралуу маалымат берди. Ал эми депутат Жанар Акаевдин айтмында, Жогорку Кеңештин депутаттары өкүлчүлүк функциясын аткаруу үчүн эл менен дайыма жолугушуу зарыл. “Депутаттар ишин шайланып келген райондор менен гана чектебей, башка аймактардын да көйгөйлөрү менен да иштеши керек”, – дейт ал.

Жергиликтүү аялдар уюмунун өкүлү жолугушууга келген Алтынай Өмүрбекова баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоочулардын көйгөйлөрүн билүү үчүн жеринде таанышууга келип турса, айылдарда көтөрүлгөн маселелер четинен чечиле баштаарын айтып, аларга ыраазычылык билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: