Тажикстандын мурдагы башкы прокурору Бободжон Бобохонов мамлекеттен Душанбе шаарындагы үч бөлмөлүү батирди кайтарып берүүнү талап кылууда. Бул турак-жай 2016-жылы соттун чечими менен Юстиция министрлигине өткөн.
Кылмыш ишиндеги материалдарда батир анын уулу Файзулло Бобохоновго таандык деп көрсөтүлгөн.«Чын-чынына келгенде ал менин үйүм, башкы прокурор болуп турганда алгам», – деди мурдагы аткаминер.
Бобохоновдун айтымында, уулу Файзулло түрмөдө жатканда батирди Юстиция министрлигине беришкен. “Министрлик аны Тажикстан президентинин аппаратынын балансына өткөргөн. Мени тартып албасын деп ушундай кадамга барышкан. Учурда батир кайрадан Юстиция министрлигинин балансында, мен аны кайтарып алууга ниеттенип жатам”, – деди Тажикстандын мурдагы башкы прокурору.
Гиссар районунун мурдагы прокурору Файзулло Бобохонов 2011-жылы жети жылга эркинен ажыратылган. Ал опузалоо, кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы анын Душанбедеги эки үйүн, Гиссар районундагы курулуп бүтө элек эки турак-жайын, жер тилкелерин, жана кымбат баалуу үч автоунаасын камакка алган.
Өз булактар Тажикстандын мурдагы башкы прокурору Бободжон Бобохонов доо арыз менен сотко кайрылганын тастыктады. Бирок сот батир Юстиция министрлигинин карамагында калышы керек деген чечим чыгарган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ