Абдышүкүр Нарматов Катар өлкөсүндө куран окуу боюнча бүткүл дүйнөлүк мусулмандардын арасында өткөн конкурста экинчи орунга ээ болгон экен. Конкурстун жыйынтыгын чыгарган комиссиянын төрагасы учурунда белгилүү композитор болгондуктан ал Абдышүкүр таксырга:
—Сиз куранды кырааты менен жакшы окуйт экенсиз. Эмесе музыкант катары сурайын. Сиздин үнүңүз баритонбу же тенорбу?-деген экен кызыгып.
Анда төрагадан сүрдөп кеткен Абдышүкүр:
—Таксыр, ал жагын билбейт экенмин. Ал эми фатиха сүрөөсүн фамажордо окуймун,-деп коёт имиш чекесинин терин аарчып.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ