Menu

Бакыт Төрөбаев «Вечерний Бишкектин» веб-редакциясын сотко берет

Бөлүшүү:

Шаршемби күнү, 2016-жылдын 7-декабрында www.vb.kg  порталында саат 15:41де «Шаардык кеңеште Атамбаев Бабанов менен орун бөлүшөт, мүмкүн Макс менен дагы?»  аттуу Марат Искаков дегендин макаласы жарык көргөн.

«Мындай макаланын шайлоого 3 күн калганда жарык көрүшү жөн жерден эмес. Биз кимдир-бирөөнүн саясий буйрутмасы аткарылып жатканына ишенебиз. Бирок макалада келтирилген карандай калп, “кара пиар” үчүн дагы өтө төмөн деңгээлде», – деп билдирет  Бакыт Төрөбаев.

Лидердин айтымында, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын натыйжалуу долбоорлору партиянын өз каражатына ишке ашырылып келет. Учурда партия кайрымдуулук иштери менен эле чектелип калбай, өкмөттүн дагы айрым милдеттерин аткарып, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп келет.

«Бизди “бирөөнүн долбоору” деп атап, журналист атайын «Өнүгүү-Прогресс» партиясын шайлоо алдында эле иштемиш болгон партиялардын катарына кошкон. Чындыгында, биздин партия жыл бою өзүнүн долбоорлорун ишке ашырып, өлкөбүздүн ар кайсы аймагында кыска убакыт ичинде куру сөз эмес, реалдуу иштери менен шайлоочулардын алкышына ээ болгон бирден-бир саясий партия болуп калды», – дейт партия лидери Бакыт Төрөбаев.

 Анын айтымында, ошол эле күнү кечинде «ВБ» интернет-редакциясы аталган макаланы веб-сайттан алып салды. Бирок, издөө системаларынын кэш-эс-тутумунда макала жарыяланган беттин көчүрмөсү сакталып калды. Мындан тышкары, аталган макаланы www.ca-portal.runovosti.izde.kg жана www.for.kg сайттары «Вечерний Бишкекке» шилтеме берүү менен кайрадан басып чыгарышкан.

Саясатчы билдиргендей, «ВБ» интернет-редакциясын сотко берүүгө камданууда. «Биз сөз эркиндигин жана жарандардын маалымат алуу укугун жогору баалайбыз, бирок ММКнын жарандар алдында дагы жоопкерчилиги болушу керек»,- деп эскертти Бакыт Төрөбаев.

            Партиянын юристтери сотко кайрылууга тиешелүү документтерди камдап жатышат. 

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: