2016-жылдын 29-октябрында Сот департаментинин Бишкек шаарынын жана Чүй облустук Соттук аткаруучулар кызматтык бөлүмдөрү менен Бишкек шаардык жергиликтүү соттордун аппарат кызматкерлеринин арасында Сот департаментинин уюшулгандыгынын 22 жылдыгына карата мини-футболдук мелдеш болуп өттү. Мелдешке 8 команда катышты.
Мелдештин жыйынтыгы менен биринчи орун үчүн Сот депратментинин жана Бишкек шаардык сотунун командалары беттешип, негизги убакыт боюнча бирдей эсеп болгондуктан, жеңүүчүсү пенальти менен аныкталып, Сот департаментинин командасы биринчи орунга ээ болду. Ал эми 3-4-орундар үчүн Бишкек шаардык экономикалык иштер боюнча Соттук аткаруучу бөлүмү жана Бишкек райондор аралык соту беттешишти. Оюндун жыйынтыгында Бишкек райондор аралык сотунун кломандасы утуп, 3-орунду багындырышты. Жеңүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин сыйлыктары жана баалуу белектер тапшырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ