Menu

Шерадил Бактыгулов, эксперт: “Эгер Курсан Асановдун буйругу болбосо жөнөкөй айдоочу же жансакчы болгон милиционер пакет окуясына катыша албайт эле да. Пакет-гейт боюнча дагы издөө жарыялай турган жарандар бар экендиги шексиз”

Бөлүшүү:

-Курсан Асановдун жансакчысынын кармалышына карата кабар чагылгандай тездикте бүтүндөй массалык маалымат каражаттарына тарап, ар кандай суроолорду пайда кылып жатат. Дегеле массалык маалымат каражаттарына дайыма эле туура билдирүүлөр жарыяланабы?

-Бул суроонун келип чыгышынын себеби 8-августа Кой -Таштагы окуяларды массалык маалымат каражаттарында чагылдырууда Атамбаевдин жансакчысынын кызгылт пакетти көтөрүп жүргөнү көргөзүлүп, укук коргоо органдарынын адистик жөндөмүнө шек келтирген, далилдерди ээн эркин чыгарып кеткенге мүмкүндүк беришти дегендей маани берилген жазуулар коштолгондугу себеп болууда. Арийне, кийинчерээк ал пакетти милиционер өзүнүн жетекчисинин буйругу менен алып чыкканы белгилүү болуп олтурат. Ал өзүнүн жоопкерчилигин сезип, жашынып жүргөндүктөн 24-августа гана кармалып олтурат. Мындан улам жансакчы жөнүндөгү ар кыл маалыматтардын такталбай жана ар кимдин кызыкчылыгына карата жарыяланышы ушу тапта  массалык маалымат каражаттарына болгон ишенимди азайтууда. Эгерда ал тергөөнүн бардык суроолоруна ачык жана так жооп бергенде . балким камакка алышбайт болчу. Демек, аскер прокуртурасы бул маселени ачыктап, ага  карата айыпталган кунөөнү аныкташ керек. Менин билишимче пакет-гейт боюнча К.Асанов, Д.Пайзылла уулунан дагы башка дагы издөө жарыялай турган жарандар бар экендиги шексиз. Пакеттеги негизги баалуу буюмдарды катып жаткан дагы бир үчүнчү тараптагы  жарандар бар бар экендигинде шегим жок. Аларды жакын арада тергөө ачыктаар?…

-Эмне үчүн катардагы милиционер да кылмышка катышып калууда?

-Бул жерде жөнөкөй формулировка орун алууда. Бир тараптан буйруктан четтеген жетекчи буйрук аркылуу башка бирөөнү жоопкер кылып жатат. Эгер Асановдун буйругу болбосо жөнөкөй айдоочу же жансакчы болгон милиционер бул окуяга катыша албайт эле да. Эсиңиздерге салсак Курсан Асанов өзүнүн аракети менен өлкөбүздүн мыйзамдарын бузган. Сүйлөшүүлөрдү ИИМдин министри Кашкар Джунушалиев жүргүзгөн жана экинчи кабатта тергөө тобу өз кезегин күтүп, камералары даярдап, мээлейлерин кийип, тергөө иштерин жүргүзүүгө даяр турушкан. Асанов беш катар курчоонун бириндеги милиционерлерге  жетекчилик кылуу милдетин таштап салып, өз жетекчилигинин буйругуна баш ийбей жана бардык процессуалдык ченемдерди бузган. Ал  эми анын айдоочусу кылмыш болгон жерде оперативдик тартууларды жүргүзүүгө укуксуз болчу. Өзгөчө башчысынын телефону менен анын мааракесин тартып жаткансып тартып алганы мыйзамсыз болгон. Мындан тышкары ал Атамбаевдин үйүнөн сезилээрлик оор пакетти көтөрүп кетип, К.Асановдун адвокатына жеткенде ошол пакет бир топ “арыктап” калган. Эми коомчулукка ошол пакетте үйдүн гана документтери бар болчу деп ишендиргилери келет.

-Айыпталып жаткан Асановдун жансакчысы канчалык “баалуу” күбө боло алат?

К.Асанов менен Атамбаев беш минутадан кем эмес убакыт камерасыз сүйлөшүшкөн. Алар эмне жөнүндү сүйлөшүп, эмнени убадалашканы белгисиз. Болгону Асанов өзүнүн “чечкиндүү” аракеттери менен кылмыш болгон жердеги издерди жана куралдагы колдун тактарын өчүргөнү азырынча белгилүү. Экс милиционер алардын сүйлөшүүсүнө күбө болгонбу же жокпу, түшүнүк береби же бербейби аны тергөө иши аныктайт.

-Дегеле мындай айыптоонун аягына ИИМ чыга алабы? Тагыраагы,  Асановдун Атамбаевдин командасы менен иштешкенин толук далилдөөгө болобу?

-Айрым жагдайларда телефондук кат алышуулар, сүйлөшүүлөр болгондугу айтылып баштады. Андан тышкары ошол операция учурундагы Асановдун өзүм билемдиги, ага улай «Пакет-гейт» окуясы башкы далилдер болуп жатпайбы. Эӊ башкысы бул жерде эрк керек го. Менимче Башкы Прокурутара бул иштин акырына чыга алат. Жана чыгууга да милдеттүү. Эгер анте албаса анда биринчиден мыйзам, экинчиден ИИМ системасынын кадыр-баркына катуу доо кетет. Пакеттеги негизги материалдар тергөө кайтып келиш керек.

Канат Бекбосунов

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: