Menu

Таластагы пробациянын кызматкерлери медиация борборунун өкүлдөрү менен талкуу жүргүзүштү

Бөлүшүү:

2-декабрда Талас шаардык сотунда пробация органы менен сот тутумунун өз ара кызматташуусу жана медиаторлордун ишин жакшыртуу максатында Талас шаардык сотунун төрагасы Дамир Суйналиев, судьялары Акылбек Турусбеков, Эсенбек Султанов жана Улуттук медиация борборунун Талас облусу боюнча директору Карагул Осмоналиев менен маалыматтык жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда катышуучулар пробация органынын жана медиация борборунун ишмердүүлүгү менен жакындан таанышышкан. Ошол эле учурда, пробация органынын кызматкерлери, сот тутумунун өкүлдөрүнүн ортосундагы диалог түрүндө пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу темасына байланыштуу маселелер, соттолгон адам тарабынан коюлган пробациялык милдеттер бузулган учурда кандай чаралар колдонулаары, мурда белгиленген пробация көзөмөлдү бошотуу же толуктоо тартиби кеңири талкууланган.

Мындан тышкары, медиаторлордун ишмердүүлүгү боюнча маалымат менен таанышып, калктын медиация кызматынын артыкчылыктары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу жана жарандарга жер-жерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жаралып жаткан көйгөйлүү маселелер ортого салынган.

Маалыматтык жолугушуунун соңунда катышуучулар мындан ары аталган маселелер боюнча биргеликте иш чараларды өткөрүү жөнүндө сүйлөшүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: