Быйыл февралда сырдуу жагдайда абакта каза тапкан жарандык активист Дулат Агадилдин апасы 1-июнда Казакстандын Башкы прокуратурасына арыз менен кайрылып, уулунун өлүмүн кайра иликтөөнү талап кылды.
Гүлбараш Жолмухамбетова өз арызында уулунун өлүмүнө күнөөлүү коопсуздук органдарынын кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууну сураган.
25-майда Нур-Султан шаардык прокуратурасы Дулат Агадилдин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши токтотулганын билдирген.
Прокуратура соттук-медициналык эксперттер ишин жыйынтыктап, «Агадил миокард инфарктынан каза болгонун» аныкташканын белгилеген. Денесинен жараат табылбаганы кошумчаланган.
Казакстандык активист Дулат Агадил 24-февралда кармалып, Нур-Султан шаарындагы тергөө абагына киргизилген. Арадан бир сутка өтүп, 25-февралда ал каза болуп калган. Казакстандагы бир катар укук коргоочулар, оппозициячыл саясатчылар жана активисттер Агадилдин өз ажалынан өлгөнүнөн күмөн санашат.
Дулат Агадил Казакстандагы орчундуу жана көйгөйлүү саясий, социалдык, экономикалык маселелерге байланыштуу өз пикирин ачык айтып келген. Сот акыйкаттыгын талап кылып, резонанстуу процесстерди, митингдерди онлайн режимде чагылдырып, блогер катары да таанылган. «Уруксатсыз митинг өткөрдү», «полицияга баш ийбей койду» деген негиздер менен бир канча ирет кармалган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ