Menu

Назарбаевдин АКШ сапарында миллиарддаган долларлык келишимдерге кол коюлду

Бөлүшүү:

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин АКШга жасаган расмий сапары учурунда соода-экономикалык жана инвестициялык 20дан ашуун коммерциялык документтерге кол коюлду жана стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча билдирүү жасалды. Акордо маалымдагандай, келишимдердин жалпы наркы жети миллиард долларды түзөт.

Шейшембиде Акүйдө АКШ президенти Дональд Трамп Назарбаевди кабыл алган. Казак лидери АКШнын ишкер чөйрө өкүлдөрү менен жолугушкан.

Расмий сапар учурунда авиация, космос иликтөөлөрү, нефтехимиялык жана айыл-чарба тармагындагы, ошондой эле инфраструктуралык өнүгүү долбоорлоруна тиешелүү документтерге кол коюлду.

Назарбаев Казакстан менен АКШ мамилесинин стратегиялык мүнөзүн белгилеп, Америка казак экономикасындагы түз инвестициянын көлөмү боюнча экинчи орунда турарын билдирди.

Анын айтымында, Казакстан көз карандысыздыкка ээ болгондон бери америкалык компаниялар 50 миллиарддан ашуун доллар инвестиция салышкан. Өлкөдө энергетика, транспорт жана медицина сыяктуу ар түрдү 500дөн ашуун тармак америкалык капиталдын катышуусу менен иш алып барат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: