Алдын ала алынган маалыматтар боюнча 2016-жылдын 31-марты күнү саат 21:30 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Тала айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен арыктардан суу ашып, болжол менен 26 турак жайдын короолоруна кирген, анын ичинен Кой-Сары чегинде 1 турак жайынын жер төлөөсүнө суу толуп, 1 турак жайдын ичине суу кирип, пайдубалын тешип чыккан (авариялык абалда). Ошондой эле жамгырдын кесепетинен 13 баш жылкы Кой-Сары участкасынын Чоң-Бет чегинде учуп өлгөн. Өлгөн жылкылардын болжолдуу баасы 780 000 сом.
Адам өмүрүнө зыян келтирилген жок. Жарандык коргоонун комиссиясы жеринде көрүп, тактоо иштерин улантып жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ