Menu

Москвада террордук акт жасоого аракет кылгандыгы үчүн камакка алынган кыргыз жаранына каршы жаңы иш козголду

Бөлүшүү:

Россиянын укук коргоо органдары 2019-жылы ноябрь айында Москвада террордук акт даярдаган деп шектелип кармалган кыргыз жараны Талант Онуровго каршы эки жаңы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазып чыкты.

“Тергөө Талант Онуров 2018-жылы “ВКонтакте” социалдык тармагында өзүнүн топторунда терроризмди үгүттөгөн эки видео жарыялаган деп эсептейт. Дагы бир эпизод 2019-жылдын июнь айында өзүнүн “Телеграм” каналында террористтик уюмдардын, анын ичинде “Ислам мамлекетинин” ишмердүүлүгүн үгүттөгөн билдирүү жарыялоого байланыштуу” – деп айтылат маалыматта.

Ушул фактылардын негизинде РФ Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси “Интернетте терроризмди үгүттөө” боюнча кылмыш иши козголгон.

31 жаштагы кыргызстандык Талант Онуров 2019-жылдын сентябрь айында Москвага террордук акт жасоо үчүн келген. Бир ай бою ал шериктештерин издеп, адабияттарды окуп, видеотасмаларды көрүп, кол салуу үчүн жер тандаган. Эгер ал күнөөлүү деп табылса, анда ал 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: