Menu

Мелис Арыпбек, журналист: “Тирүүлөй жесир келиндер көрө албастыктан улам бири-бири менен чачташып, эрежесиз эр урушка чыгып турушат экен”

Бөлүшүү:

Алгачкы ажо Акаевдын доорунда, өңчөй жөөттөрдүн курчоосунда калган Акаев жөөт кеңешчилеринин айткандарын “хоп” – деп аткарып, “ПЕСАК” деген программанын негизинде, атайыланып бүткүл зоот-фабрика, атүгүл, айыл-чарбаларды да банкротко дуушарлантып, анын негизинде таратылып, сатылып, бир ууч бийлик бутактарындагы алдым-жуттумдар бир нече муун курган, күркүрөп иштеп турган жалпы өндүрүштөргө тиешелүү эбегейсиз мүлктөрдү менчиктештирип алгандыктан, жумушсуздук күч алган. Ошонун кесепетинен…
Акыры, жакырлык жабыркаткан элет жериндеги жаштар, аргасыздан шаарларга, көбү Сары Өзөн – Чуй аймагына агылып келишип, соода-сатык менен алектенишип, өз жеринде ар кимдерге жалданышып жалбарып, барксыз кулдарга айланып калган байкуш кыргыз жалдырап жалданып.

Арадан отуз жыл аралыгында, үйлөнгөн жаштар ар кимдердин улагасын сагалап, ижарадан ижарага көчүшүп, ортодон балдар төрөлүп, аларды багалбаган арсыз алсыз эркектер үй-бүлөөдөн безип качышып, чиедей балдардын тагдыры байкуш энелердин мойнуна жүктөлгөн. Дал ушундай, ит дагы ыйлагыдай абалга он миңдеген жаш аялдар кабылышып, балдарын таштап кете алышпай, тытынып күн-түндөп иштешип, эптеп балдарын асырап келишет. Жаштыкка салып, күйөөлөрүнө ишенишип төрт-бештен төрөп алышкан шордуулар. Өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, Кыргызстандын булуң-бурчунан келгендердин туруктуу жашаган жайы болбогондуктан, учетко тура алышпай, андыктан балдарына метрика анан паспорт албагандыктан, пособия алышпай, жергиликтүү бейтапкана ооруканаларга көрүнө алышпай, укуктары кулдан бешбетер тебеленип, темселеп келишкендери не деген арман, не деген азап. Баарынан жаманы эч күнөөсүз наристелер атасыз өсүшкөндөрү аз келгенсип, экинчи сорттон дагы жаман абалда калышып, бала-бакча, мектепке баралбагандары не деген сыздатып ыйлаткан калыссыздык.

Жайыл районунун Полтавка айыл-өкмөтүнө караштуу айылда, “АССАЛЯМ” кайрымдуу арабдардын фондусу курган барачный типтеги бир кабаттуу үйлөр бар экен. Ошол үйлөр, туруктуу үй-жайлары жок, көп балалуу жесир аялдарга берилиптир. Өңчөй шагыраган жаш жубайлар жана алардын балдары жашап жатышыптыр.

Менин ал жакка барган себебим, журналист укук коргоочу катары “МЭЭР ЖАЗЫ” коомдук бирикмесинин төрайымы сурангандан, төрт күндөн бери сыркоолоп жаңы каптаган белгисиз илдет менен алышып жатканыма карабай бардым.

Себеби, Жоробаева Үмүт жашаган жеринен чырдашып, мушташып, чачташып, мээси чайпалып Кара Балтанын травматологиялык бөлүмүндө үч күндөн бери жатыптыр. Анын тагдырын сураштырсам, томолок жетим келин экен. Багып алган апасы, үч жыл бойу инфарктан кийин жылбай, бир кароосуз калган сарайда жашап жатышканда каза болуптур. Анын сөөгүн койгонго жергиликтүү бийлик жер бербей, акыры имамдар киришип жатып, эптеп сөөгүн жашырышыптыр. Үмүттүн колунда төрт балдары бар экен. Улуу баласы Медер 9 класста окуп, жайында поледе иштейт экен. Үмүт башынан оор сыноону өткөргөндүктөн, албетте, нерв системасы жукарып, сөз көтөрө албай, көр тирликтин айынан кошуналары менен анчейин мүнөздөрү келишпей, чырдашып чатакташкан учурлар кездешет экен.

Ал эми, жалпы эле ошол жерде жашагандардын жашоосу жыргал эмес. Ар бир жесир аялдардын тагдырлары окшош да. Үмүт түбү Өзгөндөн келиптир Чүйгө. Ошондой эле Жалал Абаддан келген, Бишкекте алты жыл бойуу жашап, швея болуп иштеген төрт балалуу Замира Кулуевага да ушул үйлөрдөн ижара тийип, жашайт экен. Үмүт менен Замиранын арманы: “Бизди атайылап Түштүктөн келдиңер дешип, атайылап басынтып, укугубузду тебелеп, кемсинтип турушат…” – дейт.

Ал эми, тактык үчүн, экинчи тараптын дагы оюн уктук. Биз барган учурда ал жерде айыл өкмөтү Улангүл Акылбекова жана участковый лейтенант бар экен. Ортодон чыккан чыр-чатак алар эки тараптан тең, түшүнүк жаздырып жатышыптыр. Ошентип, эки тараптын тең арзы-арманын уктук. Үмүт менен Замирага каршы калган жамаат чыгышты жаалдашып. Алардын ызы-чуусун тыйып, ар биринин сөзүн уктук. Көпчүлүк тарап Үмүттү жамандашты. Байкап, тактап таразаласак, ортодогу көр тирликтен чыккан эле чырлар экен. Адилеттик үчүн, айыл өкмөтү Улангүлдүн ой пикирин да уктук. Негизги күнөө Үмүттө – деп, ал көпчүлүктүн сөзүнө кошулду.

Ал эми, чындыгында, кептин баардыгы, бул жерде көр дагы жийиркенип албаган көралбастыкта экен. Жоробаева Үмүт жоктон бар кылып, эмгекчил айым окшойт. Ар тарапка жүгүрүп, жайында полени баласы экөө иштетип, кредит алып, иши кылып, балдарын кор кылбай багат экен. Өзүнүн ижарасынын тушун тосуп алып, айагына навес орнотуп, жайкы кухня кылып, чоң казанды кемегеге асып, тың жашап, колунан эркектин дагы жумушу келет экен. Өз таштандысын өзү мешокко чогултуп, айланасын таза кармагандыктан, башкаларга кошулуп жалпы тегеректеги аянтты субботник кылышканда, аларга катышпай койуптур. Мына чырдын башы ушундан чыгып, “Сен көпчүлүккө баш ийибейсиң…” – делип жек көрүндү болуптур. Болбогон майда-чүйдөдөн ортодон чыр чыгып, нерви жукарган Үмүт тартынбай, атакага өтөт экен да, арасында кой-ай деген бир дагы эркек болбогондуктан, айрым учурда, күйүттөн тажаган тирүүлөй жесирлер бираз жутуп алганда, бой без правил болушуп, чачташып, бири-биринин чачтарын айосуз жулушат экен. Аны далил катары, төбөсү тасырайып калган Мейилкан деген айым бизге көрсөтүп, таракка чогулган чачтарын алдыга алып чыкты.

Иши кылып, туугандар, эркектерден Кудай айтпаган өңчөй озверевший аялдар, маал-маалы менен “концерт” коюшуп эригишпейт экен. Армандын баардыгы жумушсуздуктан. Айыл өкмөт Улангүлгө айттык: “Буларга швеябы, кол өнөрчүлүкпү, иши кылып жумуш орун уюштуруп берүүсүн…” сунуштадык. Бош бөлмөлөр деле бар, каалашса беремин – деп шар айтты.

“МЭЭР ЖАЗЫ” бирикмесинин төрайымы Ыргалай төрт-беш кийим тигүүчү машинаны таап берейин – деп убада кылды. Аягында, мен аял заттарды ынтымакка чакырып, бир-бириңерди кечиришип, 500 сомдон чыгарып бир жандыкты союп, Үмүттүн чоң казанына бышырып, дос болгула!” – деп батамды берип, кайра Канышай Камчиева такшалган таксист айым менен Бишкекке кайтык. Тилекке каршы, ушул жылдыздуу жана сабырлуу атына заты жарашкан Канышайды да, “багалбаймын” – деп бир кыздуу болгондо, арсыз күйөөсү таштап койуп качып кетиптир.

Арыбагыла арманда калып, тагдырлары талкаланган айымдар. Жашоо дале алдыда, силер бутуна тургузган урпактардын далай жакшылыктарын көрөсүңөр. Каптап карайлатып турган кара туумоодон Тэңирим силерди жана балдарыңарды сактасын. Жалпы жумурай журтубузга ынтымак биримдиктин нуру төгүлүп, ааламдан ырыс-кут жаасын.

Мелис Арыпбек, эркин журналист

Бишкек-Кара Балта-Полтавка-Бишкек

06.07.2020

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: