Menu

Тажикан Калимбетованы аярлап, сактап жаткан ким?

Бөлүшүү:

Бакиевдердин үй-бүлөлүк, криминалдык доорунда өлкөнүн каржы тармагын каалагандай өкчөгөн Тажикан Калимбетованы билесиңер да? Соцфонд, андан соң каржы министр орун басары, министр, вице-премьер-министр өңдүү кызматтарды ар жылы алмаштырган бул айым КурСалиевичке эркелеп, далай кресло алмаштырганы бар. Аталган кызматтарда жакшы иштесе го мейли эле, бирок кызматтык кыянаттыктарды аттап кете албай, далай былгытмаларга барганы жалган беле? Ачык мисал, экс-спикер Муратбек Мукашевге таандык “КурулушБанкын” андагы Соцфонддун төрагасы Марат Султанов экөөлөп каргыш тийгир ханзаада Максим Бакиев жана анын эл аралык деңгээлдеги аферист досторуна “басып бергени” жалган беле? Дал ушул бир иш боюнча 2010-жылдын 7-апрель окуясынан соң кылмыш иши козголсо, Тажикан айым “кулак угуп, көз көрбөгөн жактарга” зуу койгон. Учурда Калимбетова Кыргызстанда эле эски режим тушундагыдай өзүн ээн-эркин сезип жүргөнү каңкууланды. Таңгалычтуу, революциядан соң ачылган кылмыш иши күмөндүү жагдайда жабылганы неси? Башкы прокурор Индира Жолдубаева чындап киришсе, Калимбетовага каалагандай кылмыш ишин ачса болорун экс-башкы прокурорлордун бири ачуулана билдирди. Жолдубаеванын күчү келбесе, Кашкар Жунушалиев деле кармап келбейби?

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: