Люксина Текеева Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Текеева Люксина Айгуфовна берген арызына ылайык ээлеген кызматынан четтетилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ