Menu

Дагы бир депутат сабалды

Бөлүшүү:

Каракол шаардык кеңешинин депутаты, «Табылга» партиясынын мүчөсү Азамат Айтбаев кесиптеши, КСДПнын мүчөсү Тууганбек Чолпонбаевге каршы УКМКнын Ысык-Көл облустук башкармалыгына арыз жазды. Аталган мекеме арыз бирдиктүү реестерге катталганын 26-февралда билдирди.

Азамат Айтбаевдин айтканына караганда 25-февралда аны депутат Тууганбек Чолпонбаев сабап салган:

«Шаардык кеңештин сессиясында Каракол шаар мэринин былтыркы иши тууралуу отчетун укканбыз. Аягында мен кесиптештеримди мэрдин отчетун жактырууга чакырып, сөз сүйлөгөм. Мени 18 депутат колдоп, мэрдин отчету кабыл алынды. Ошол замат эле Чолпонбаев мени залдан чакырып чыгып, коңшу бөлмөгө алып кирип алып, шапалак менен кулак түпкө сокту. Эшикти жаап алып, дагы бир нече жолу бети-башыма уруп, ичиме сокту. Ал мени «мэрдин отчетун өткөрбөш керек эле, сен неге саботаж кылып жатасың?» деп соккулап жатты. Сабап туруп эле кайра «жүрү эшикке» деп, сыртка чыкканда кайра кучактап кечирим сурады»,- деди Азамат Айтбаев.

Азамат Айтбаев таяк жеген күнү дароо соттук-медициналык экспертизадан өтүп, УКМКнын облустук башкармалыгына арыз менен кайрылганын билдирди.

Мындан мурда да Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы, кыргыз-тажик чек арасы боюнча көйгөйлүү маселелерди көтөрүп жүргөн Сапарали Бөрүбаевдин үстүнөн бир депутат “Мени сабады…”,- деп арызданып, каматып, кайра “Доом жок…”,- деп тосмо арыз жазган болчу. Бирок С. Бөрүбаевге карата башка жагдайлар боюнча кылмыш иши козголуп, зыр Ош ИИБнин СИЗОсунда жатат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: