Алманбет Шыкмаматовдун сот процесси 22-мартка жылдырылды. «Белгилүү кардиологдор мени сотко катышууга тыюу салышкан. Менин жүрөгүм соттордон коркуп кетип ооруган жок. Теңсиздиктен, адилетсиздиктен сыздап ушундай ооруп жатат. «Силерди артыңардан ким кубалап келе жатат? Кичине өзүмө келейин, анан соттогула» дедим. Ошондо 22-мартка жылдырышты. Мага адилеттүү сот болсо чымындай да күнөөм жок. ТЭЦке 128 камераны 14 миң доллардан алды деген маалымат чыкты. Бул накта коррупция» деп «Жалбырак» ТВга маалымдады.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ