Menu

«АрселорМиттал Темиртау» соттон кенчилердин акциясын мыйзамсыз деп таанууну өтүнүүдө

Бөлүшүү:

Казакстанда «АрселорМиттал Темиртау» (АМТ) компаниясы кенчилердин иш таштоосун мыйзамсыз деп табуу өтүнүчү менен сотко кайрылды. Компаниянын Караганда облусундагы бир нече шахтасында 11-декабрдан бери жүздөгөн кенчилер нааразылыктарын билдиришип, сыртка чыгуудан баш тартышууда.

Жергиликтүү маалымат агенттиктери кабаралагандай, компаниянын доо арыздары Караганда облусунун Шахтинск, Абай жана Сарани шаардык сотторуна жөнөтүлдү.

Жумуш берүүчүлөр кенчилерди жана көмүрчүлөрдүн «Коргау» кесиптик бирикмесин жоопкер катары таанууну өтүнгөн. Шахтинск шаардык сотунан аларга АМТ компаниясынын арызы бүгүн келип түшкөнүн жана сотко чейинки териштирүү иштерине даярдыктар башталганын билдиришти.

Караганда облусунда жүздөгөн кенчи төрт суткадан бери сыртка чыгуудан баш тартышууда. Алар айлыктарды эки эсеге көтөрүү, кенчилерди 50 жаштан пенсияга чыгаруу, 2017-жыл үчүн 13-айлык төлөө өңдүү бир катар талаптарды коюп жатышат. Алардын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө иш таштаган кенчилердин саны 700дөн ашты.

Кечээ «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын башкы директору Парамжит Калон иш таштаган кенчилерди сыртка чыгууга чакырып, «шахтанын ишин токтотуп, жер алдында мыйзамсыз жүрүү — көйгөйдү чечпей турганын» айтканы маалымдалган.

13-декабрда аймактын бийлиги шаршенбиге оогон түнү Караганда облусунун башчысы шахтага түшүп, жумушчулар менен сүйлөшкөнүн, андан кийин 150 кенчи сыртка чыгууга макул болгонун кабарлаган. Кенчилердин өзүлөрү болсо сыртка жумушчулардын айрымдары гана чыкканын жана алардын көбү ден соолугуна байланыштуу ушундай кадамдарга барышканын билдиришүүдө

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: