Menu

Сауд Арабиясы буга чейин зыяратчылар үчүн ар бир өлкөгө берилген квотанын 20% орундатууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди

Бөлүшүү:

Сауд Арабиясы пандемияга байланыштуу зыяратчылар үчүн бериле турган квотаны кыскартарын билдирди. Ушул тапта королдукта коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар 100 миң кишиден ашты.

Сауд Арабиясы мартта зыяратчыларды кабыл алууну токтото турганын маалымдаган.

«Рейтер» агенттиги өз булактарына таянуу менен королдук чектелүү санда зыяратчыларды кабыл алууну баштай турганын жазды. Королдукка келгендер медициналык кароодон өтүп, бардык санитардык эрежелерди сакташы керек. Ал арада Саудия өтө улгайган кишилердин сапарына чектөө киргизүүнү пландоодо.

Башка бир булак королдук бул талаптарды аткаруу менен буга чейин ар бир өлкөгө берилген квотанын 20% орундатууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

Ошол эле маалда Сауд Арабия өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү быйыл ажылык сапарды толугу менен токтотууну жакташууда. Быйыл ажылык сапар августтун башында башталышы керек.

Королдук бул боюнча расмий түрдө билдирүү тарата элек.

Расмий маалыматтар боюнча 2019-жылы 2,6 миллион зыяртачы ажылык парзын аткарып, дагы 19 миллион мусулман умрага барган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: