Menu

Венера Кемелова, психолог: “Жигиттердин кызыгы бат тарайт…”

Бөлүшүү:

Окурмандардын көкүрөк өйүп, жан дүйнөсүндөгү бүтпөгөн суроолорго, Медицина илиминин кандидаты, доцент, психолог Кемелова Венера Кемеловна жооп берет.

“Ынтымакта жашагым келет…”

—Үй-бүлөдө кантип акылдашып жашаса болот? Жолдошум ар дайым меники туура деген мыйзам менен жашайт. Өзүнүкүн эч бербейт. Аялы катары мени менен кеңешип, акылдашса дейм. Эркекке баары болот, аял-катын эмне деген маңкурттук? (Айдана, 36 жашта).

—Саламатсызбы, Айдана! Жашоодо ар түрдүү кырдаалдар, шарттар болот. Албетте, мындай учурларга көптөн бери түтүн булатып келе жаткан жубайларга да кедергисин же пайдасын тийгизбей койбойт. Өмүрлүк жолдошуңузду өзүнүн ою, позициясы бар, сезимдерге ээ болгон үчүн тандагансыз. Менин жеке оюм боюнча, учурда деле эгер кандайдыр бир оор кырдаал болуп калса жолдошуңуздун бир чечим кабыл алышын каалайт болушуңуз керек. Сунушум жолдошуңуз менен ачык сүйлөшүп, аны менен сезимдериңизди ойлоруңузду бөлүшүүңүз керек. Балким, ошондо үнүңүздү уктуруу мүмкүнчүлүгү болот. Дагы кошумчалап кетүүчү нерсе, балким «лидер» болуу үчүн күрөшүп жаткандыр? Муну байкооңузду сунуштайм.

Бири бирин колдоо, көмөк көрсөтүү жана ошондой эле жоопкерчиликти ар бири өз мойнуна ала билүүсүүн – бүлөдөгү гармониянын сакталышын толук камсыздай алат. Үй-бүлөдөгү чечимдерди кабыл алуу жоопкерчилиги эркек кишиде болгон кичи мамлекетте төмөнкүнү байкоого болот. Ал үй-бүлө мүчөлөрүнүн сырткы дүйнөдөн болгон коопсуздугунун сакталышы. Ал эми аял затынын негизги милдеттеринен бири бул кичи мамлекеттеги жагымдуу атмосфераны жаратуу. Албетте, жолдошунун көмөгү өтө маанилүү. Сизге ийгилик!

“Кийин өкүнүп калбаймынбы?”

—Бир баласы бар мырза менен сүйлөшүп жүрөм. Аялы каза болгон 3 жыл мурун. Ал жакында баш кошуу сунушун киргизди. Мен өзүм буга чейин турмуш курган эмесмин. Эмне кылсам деп кеңеш берууңүздү өтүнөм. Анын баласы кийин мамилебизге кандай таасир этет? (Нурпери, 24 жашта)

—Саламатсызбы, Нурпери! Сиз турмуш курууга даярсызбы? Сүйлөшкөн мырзаңызды канчалык деңгээлде тааный алдыңыз? Өзүңүздүн айтууңузга караганда буга чейин турмуш курган эмес экенсиз. Ал эми сиздин мырзаңыздын тажрыйбасы ошол эле мезгилде баласы бар. Үй-бүлөдө ар түрдүү кырдаалдар болот. Анын айынан жубайлардын мамилеси бир топ эле солгундай түшөт. Албетте, мындай учурларда бири-бирин түшүнүү жана тынчтыкты сактоо өтө маанилүү болуп эсептелинет. Сиз анын баласын кабыл алууга ата энелик кылууга даярсызбы? Жогорудагы берилген суроолор үстүндө ойлонуп анан бир чечимге келүүңүз зарыл. Эң негизги баса белгилей кетүүчү нерсе бул баланын жагымдуу атмосферада чоңоюшу. Бала, ата-энеси жакшы көрөрүн сезиши керек. Анын гармониялык өсүп-өнүгүүсү үчүн ал бизге кымбат экенин билиши абзел.

“Өзүмдү сынай берем…”

—Өзүмдүн өзүмө баа берүүмдү кантип көтөрсөм болот, дегеним иштеген жумушум бар, курсагым ток, аябай сулуу болбосом да жылдыздуу элемин, алты саным аман дегендей. Бирок адамдар арасында өзүмду төмөн сезе берем, анан жигитим да жок? (Таңсулуу, 26 жашта).

—Өзүңөзүңө ишенбөө деген эмне? Бул өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жөндөмүнө толук кандуу ишене албагандык. Өзүңүзгө ишенүү үчүн кандай болсоңуз ошондой кабыл алууңуз кажет. Ар бир адам артыкчылыктары жана кемчиликтери менен толукталып турат. Бирок, кемчиликтердин үстүндө иштеп, өзүн алдыга жылдыруу – өзүңүзгө ишенбөө сапаттан арылууга жасалган эң маанилүү кадамдардын бири.

Башкалар менен баарлашууну камсыз кылган иш чараларга катышууңузду сунуштайм. Мисалга алсак, топтук коммуникативдик тренингдерге. Ал жакта ар бири өзүн ачык тааныштырууга мүмкүнчүлүк алат. Сезимдериңизди ачык айтууга тартынбаңыз. Ар бирибиздин сезимдерди билдирүүбүздүн түрлөрү аларды ар кандай кабыл алуу укугубуз бар. Сиз психологго кайрылып, консультациясына барып «ишенүүнү арттыруу» боюнча тренингдерден өтүүңүз натыйжалуу болот. Анткени бир эки сөз менен жооп берүү сапатсыз болуп калат. Ийгилик!

“Жолдошум гейби?”

—Жолдошум анда-санда порно фильмдерди көрүп калчу. Маани берчү эмесмин. Жакынкы күндөрү гейлердин порносун көрүп баштады 1 жолу эмес, бир нече жолу кайталанып жатат. Мындан улам жолдошум гей эмеспи деген ой пайда болду. Өзүнөн капа кылып аламбы деп сурабай жатам. Ортодо 1 балабыз бар. Жашообуз кадимкидей. (Акбермет, 30 жашта)

—Акбермет, эгер жолдошуңуз ошондой кинолорду сиздин жаныңызда көрүп атса. Демек, сизде өзүнөн суроого мүмкүнчүлүк бар. Балким, бул нерсе аны кызыктырып жатат же болбосо кооптондурууда. Виртуалдык жашоосунда жон тери менен сезгиси келип жаткандыр. Бирок, ошол эле мезгилде чыныгы жашоосунда эч нерсени өзгөртүүгө чечим чыгарбай каалабай эле. Өзүңүз айткандай ортодо 1 бала (наристе) бар. Жашооңор кадимкидей.

“Балдарым үчүн кайра жарашсамбы?”

—Эки балам бар. Күйөөм менен ажырашканыма 5 жыл болду. Учурда иштеп балдарым менен жашайм. Уулум эмнегедир мага көп таарынат, сен атам менен жашаганда жашообуз башкача болоор эле деп. Күйөөм ажырашкандан кийин үйлөнуп алган. Балдарым атам менен жарашып албайсызбы деп көп айтышат. Мен анын уй-бүлөсүн бузгум келбей эле. Эмне кылсам болот? (Назик, 42 жашта).

—Саламатсызбы, Назик! Тилекке каршы, дайым эле ийгиликтүү үй-бүлөнү кездештирүүгө болбойт. Арасынан, жубайлар келише албай эки айры жолго түшүп кеткенин көп эле практикамда байкап жүрөм. Ажырашуу процесси балдарга психологиялык жактан өз кедергисин тийгизет. Ата-эне чогу бир түтүн булатып жашай алышпай ажырашкан учурда, баланын жан дүйнөсү дагы экиге бөлүнөт. Ошол убактан баштап ошол жарака кеткен дүйнөсүн кайрадан кантип бириктирүү керек экендигин ойлонуп, бөлүнгөн дүйнөсүн калыбына келтирүүнү каалайт. Анткени, ал өзүн башкалардан бөлүп жеке карай албайт. Ал үчүн АПАМ, АТАМ жана МЕН деген гана түшүнүк бар. «Жаман аял», «жаман эркек» деген түшүнүк бар, бирок, «жаман ата-эне» деген түшүнүк жок. Эки айры жолго түшкөндөрдүн ар биринин өздөрүнүн себептери бар. Бирок, канткен күндө да балдар көбүүрөк азап чегип калат. Андыктан, жарашууга такыр эле жок болуп, эки башка жол менен кете турган ата-энелер сөзсүз түрдө балага аны сүйө тургандыктарын кулагына кум куйгандай айтышы маанилүү.

Назик, жолдошуңуздун башка үй-бүлөсү бар экен. Мындай учурда балдарыңызды өзгөчө балаңызды атасы менен көбүрөөк убакыт өткөрүүсүн шарттаңыз. Алар аталык мээримди, камкордукту сезүүсү абзел.

“Менин дагы сулуу болгум келет…”

—Менин жолдошум менин боенгонумду жактыра бербейт. Кирпик жасатып, тырмагымды, чачымды көркөмдүү боегум келет. Себеби анын ошондой кыздарды көргөндө өзүн жоготуп караганын далай байкагам. Бирок, менин андай кадамдарыма каршы чыга берет. Эмнеге? (Чолпонай, 31 жашта)

—Менде бир суроо жаралып жатат. Турмуш курганга чейин сиз боёнчу белениз? Жолдошунуз сизди макияж менен көрдү беле? Эгер макияж кылып жүргөн болсоңуз, ал кандай мамиле жасачу? Балким, табигый сулуулугуңуз менен аны арбап алгандырсыз? Ошол себептен, учурда да сизди ошондой көргүсү келеттир.

“Мамилебиз оорлошуп баратат…”

—Кайненелер дайым келиндерин басмырлап турабы же меники эле ушундайбы. Үй жыйганым жакпайт, кир жууганым жакпайт, тамак-аш жасаганда да жакшына болсо да бир кемчилдик таап чыгат. Мен өзүмө жаккандай жасагым келет, кирди жууганды да, үйдү жыйганды да. Кайненем дин жасаганын мен деле жактырбайм, кемчиликтерин байкаймын, бирок, ага билгизбейм. Кандай айла кылышым керек? (Перизат, 29 жашта)

—Жаш үй-бүлөнүн биринчи кадам басышындагы баардык жоопкерчилик алардын моюндарына жүктөлөт. «Мен» деп эмес «Биз» деп ойлонуп кадамдарын ошого ылайык таштай башташат. Жаш келиндер менен кайненелердин өз ара мамилеси бир топ кыйынчылыктарды жаратпай койбойт. Сиздин кайненеңиз менен болгон оор мамилеңиз тууралуу жолдошуңуздун кабары барбы? Ал кандай кабыл алууда?

Албетте, келин болуп баруу чоң жана жооптуу кадам. Кыз кезиңиздерде ар бириңиздер жашыңыздарга карабай эрке, ата-энесинин көкүрөк күчүгү болгонсуздар. Ошол себептен, башка бүлө барып жатканда адаптация бир аз кыйын болуп калышы мүмкүн. Анткени, ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн жазылбаган мыйзамдары болот, аны айттырбай кыраакылык менен илип кетүү оңой эмес. Сиз жогоруда «Кайненемдин жасаганын мен деле жактырбайм, кемчиликтерин байкаймын» деп жазып атасыз, балким, кайненеңиз менен тирешип өз чындыгыңыздарды далилдөөгө аракеттир. Кайненеңиздин жакшы сапаттарын көрүүгө аракет кылып, тил табышууга биринчи кадамды жасап баштасаңыз, ал да сизге болгон мамилесин өзгөртөт. Өзгөрүүнү өзүңүздөн баштаңыз. Сизге ийгилик каалайм!

“Жигиттердин кызыгы бат тарайт…”

—Мен дагы өз көйгөйүм менен бөлүшкүм келет. Чөйрөмдөгүлөр менен бат тил табышып кетем. Ал эми мырзалар менен баарлашып баштаганда эле ашып кетсе бир айга достук мамиде болобу же жигит-кыз болуунун башкы этабында эле көңүлүм сууп, дароо тажап кетем. Бир ай же андан бираз убакыт өткөндөн кийин кайра эле мурунку калыбыма келип калам. Ошол себептен, көп учурларда тыныгуу кармап калууга мажбур болуп калам. Канткенде бул сапаттан арылууга болот? (Рамиля, 23 жашта)

—Рамиля, эмне себептен жигит – кыз мамиленин башкы этабында эле ага болгон кызыгууңуз жоголуп барат? Балким, бир мамиле баштардан мурда эмнени каалап, каалабай жатканыңызды белгилеп, аңдап билгенден соң бир чечимге келесиз. Мамиленин бат бүтүүсү күтүүңүзгө, талаптарыңызга жооп бере албаган чыгаар, же болбосо самаган кыялдар орундалбай калгандыр? Мамилени күндөн күнгө түзүш керек жана өмүр бою! Мамиледе эки адамды бириктирип турган тема, ой жүгүртуүлөр, кызыгуулар болгону жакшы. Мен ишенем, сиз өз «мырзаңызды» таап бактылуу болосуз. Ийгилик!

Даярдаган: Жумагүл Өмүрзакова

Булак: “Мантыш”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: