Отар Бестаев менен Юрий Краковецкий дзюдо боюнча Германиянын клубдук биринчилигинде экинчи ирет чемпион наамын багынтты. Эске сала кетсек, спорттун дзюдо түрү Германияда абдан жакшы өнүккөн. Бундес лигада 12 команда эки тайпага (Түндүк жана Түштүк) бөлүнүп, биздин балбандар «Гамбург» командасы менен «Түндүк» тайпада күч сынашкан. Ушуну менен «Гамбург» командасы экинчи ирет чемпиондук наамды багынтып отурат. Бул жетишкендиктин аркасы менен Европанын эң күчтүү клубдук мелдештерине катышууга жолдомо алды дегенди билдирет.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ