Жогорку Кеңешке келип, ТЭЦ боюнча комиссияга актанам деп жатып Жантөрө Сатыбалдиев көп тескери сөздөрдү сүйлөп, элдин көзүнө күнөөлүүлөрдүн башында болгон киши катары көрүнүп, жек көрүнүп калды. Бир жуманын ичинде бул кишинин эски кылыктарынын баары кайта-кайта айтыла баштады. Депутаттар Сатыбалдиевди “акылдуу боло бербе, сен бизди базарком дедиң” деп жарга такаганы эч нерсе эмес экен да. Көрсө, Жантөрө мырза алтымыштан ашып калганда депутаттарды базардан келген базаркомдор деген сөзүнөн мурун “кайын энеси жалап болсо, келини да жалап болот” деп айтканы бар экен да. Бул эми аялдар айтыша кеткенде арыктын эки жээгине туруп алып кыйкырган учурда колдоно турчу сөз да. Жантөрө Жолдошевичтин айтканына депутаттар эмес, кыргыз элинин да кыжыры кайнап туру. Кандай болгон күндө дагы, баягы өзүн эң кыйын, акылдуу сезген Жантөрө азыр жок. Үч күн 120 депутаттын суроосуна жооп берип жатып эле чүнчүп кетти. Бул депутаттардын курулай эле суроосу. Эми кылтакка илчүлөрдүн суроосу башталат. Ошондо Жантөрө мырза тердеп-бышып жооп берүүгө туура келет. Кайын энесин айтканга чамасы жетпей…
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ