Ошто 64 адам текшерүудө турат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин координатору Абдилатип Шамшиев бүгүн, 18-мартта Ош шаарында коронавирусту алдын алуу боюнча өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында 64 адам коронавирусту жуктуруп алгандар менен чоогу учуп келишкен.
” Азыркы учурда текшерүудөн өтүп жаткан жарандардын аты-жөнү такталып жатат. 64 адамдан башка дагы мурда 10 адам текшерүүдөн өтүшкөн”,- деди Абдилатип Шамшиев.
Ошондой эле Ош шаарынын мэриясы саламаттык сактоо тармагына коронавирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү үчүн 700 миң сом акча каражатын бөлгөнүн Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жыйында билдирди.
Бүгүн, 18-мартта Ош шаарында коронавирусту алдын алуу боюнча маалымат жыйын өттү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ