Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасына мамлекеттик визитинин алкагында бүгүн, 7-июнда Тяньанмень аянтында болду. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.
Президент Сооронбай Жээнбеков «Элдик каармандар» монументине гүл чамбар коюп, Кытайдын курман болгон баатырларын эскерди.
Бул иш чаранын жүрүшүндө эки мамлекеттин гимндери аткарылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ