Menu

Качкын Булатов: “Текебаев дөөлөтүн көтөрө албай, эки жүздүлүктү тандап алганын өзүнөн көрсүн”

Бөлүшүү:

Жүзүкаралыктын дагы чеги болот, бийликке келгенден кийин эл алдында берген убадаларын аткаруу керек да. Анан эле бийликке келип алып, жеке кызыкчылыктын айынан мыйзам чегинен чыга берсе коомчулукка нааразычылык жаратат эмеспи. Жакында Өмүрбек Текебаевдин интервьюсунда, Данияр Нарынбаевди коргоого алды, мындай кадамын биз күткөн эмесбиз, таптакыр мыйзам чегинен чыгып баратат. Менин жеке оюм президентти провокацияга түртө алды, себеби президент провокацияга алынганы билинип, текшергиле деп буйрук бербедиби. Бийик даражадан кызмат аркалап акча менен алек болгон адамдан кутулбаса, ыплас сормо саздан чыга албайбыз. Текебаев жана Нарынбаев саясат талаасында контитутциянын аталары аталып жүрүшөт, дегеле ушулардын токулган конститутциялары канча иштеп, канча интригаларды алып келди. Текебаев мен кыйынмын дегени менен бир дагы конститутциясы мамлекеттин өнүгүсүнө алып келген жок, экспермент гана болуп келе жатабыз. Ошондуктан мындан кийин конститутцияга Текебаевди жолотууга болбойт.  Текебаевдин бир дагы саясый принциби жок адам экени акыркы убакта билинип келе жатат. Коррупция, кылмышкерлер менен аёсуз кармашам деген убадасы кайда? Алыс кетпей, ушул эле Батукаевди эртең өлөт деп, дарыгер, эксперттер заключение чыгарып, КР Башкы прокуратурасы “добро” берип, күч органы кош колдоп, Ак үйдөн Нарынбаевдин талабы менен омбудсмен кошо колдоп, Батукаевди бошоттуңар. Ал болсо баарыңарды сызга отургузганы жалганбы? Бийликтин жүзүн ачып кеткен үчүн крим авторитетке таазим кылышыбыз керек. Президент ушу жерден колтугунда жүргөн кошоматчылардын кылганын териштирип туруп, жазаласа болмок, себеби эбегейсиз президенттин бетине көө жаап жатпайбы. Анткени Батукаев Кыргыз бийлигин саткын экенин көргөзө алды, ким күнөөлүү, же жазаланбаган Нарынбаев жаза албаса, анда Атамбаев өзү күнөөлүүбү деген суроо тулат экен. Мамлекеттин коопсуздугун эске албай, акча дегенде өлкөнү кошо сатып койорун ачык көргөздү.

Экс-башкы прокурор Аида Салянова жана Ж.Салиев бир убакта жалган токулган кылмыш иш менен Н.Түлеевди камаган. Эми Салянова комментарий бергенге моралдык дагы акысы жок эле. Түлеевге коментарий бергенди коюп Текебаев менен Салянова кримавторитет Батукаевге Нарынбаев менен Салянова кантип сатылгандырына жооп бериши керек. Салянова төшөктө жаткан күйөсү менен мамлекеттик көмүр сатып алуу боюнча сырдуу компаниядан тартып алабыз деп, аныңар ишке ашпай калганын унутуп калдынарбы?  Салянованын күйөөсү жана жердештери мыйзам алдында жапа чегип жүрүшкөнүн жашырбай эле коюшсун, баары ачыкка чыгышы абзел. Оор кылмыш кылып өмүр бою кесилген А.Итибаевге үч жолу Канат Турганбеков менен Аида Салянова амнистия бергеңинер үчүн эбегейсиз оор кылмышка кирептерсиңер, президент муну эске алышы керек. Мындай оор кылмышка аралашып жүргөнүңөрдү коом билбей калат деп ойлобогула, дегеле мородёрчулукту мындай эле коёлук. Убакыт өзү көргөзөт, мыйзам үстөмдүгү орноору менен жоопкерчиликке тартыласыңар. Ар бир оор кылмыш эч качан унутулбайт. Сурап ала турган убакыт келет. Бир убакта саясый чөйрөдө атагы чыгып, элдин сүйкүмү болгон Текебаев, дөөлөтүн көтөрө албай, эки жүздүлүктү тандап алганын өзүнөн көрсүн, саясый карьерасына кара көө жаап алды. Өмке, эрдигин деле бар, төшөктөн бут чыгаргандан башка, мыйзамдулук деген асыл нерсе дагы бар. Калыс сөзүңдү сүйлөбөй, Батукаевди бошоткондун бири, Нарынбаев менен көмүскө иштериң бар болгон үчүн, бир заматта адвокат боло калдың. Мындай эки жүздүүлүк саясый кадамы, алыска алпарбаганын өзү жакшы билет. Көрсө Түлеевди каматууга кызыктар болгондордун аты чыга баштады. Дагы “Ата Мекен” партиясынын кылмыш жана коррупция менен күрөшөбүз деген убадасы суу кечпей, эки жүздүлүккө өттү. Эми тандап алган кадамынды Өмке токтото албайсың, себеби адамдын психологиясы арамдыкка калыптанганда артка кайта албайт.

Укук коргочу Качкынбек Булатов 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: