Menu

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу: “Маселе таза чечилгенге чейин тикебизден тик туралы”

Бөлүшүү:

Мен өзүм Нарындыкмын. Бир учурда Үзөңгү-Куушту талашып Аксынын эли дүргүп турганда кырсыкка кабылганына карабай тикесинен тике турган кезде “Ой, бул Нарындагы “Үзөңгү-Кууш” үчүн аксылыктар эмне мынча чуркайт?”-деп  айтышкан. “Аалам” –гезитинде иштеп жүрүп Аксы элинин баатырдыгын мен жазып чыккам. Мына бүгүн Нарындын, Көлдүн түбүндөгү кыргыздардын жүрөгү Аксынын жерине  коңшу мамлекеттин  аскерлери кирип келиптир дегенде сыздап жатат. Анткени ар бир кыргыз ушундайбыз. Ар бир кыргыздын жүрөгүндө анын жерине бир кадам   башкалардын буту тийсе жүрөгү сыздайт. Илгертен кыргыздарда мамлекет башчысына бир гана баа берилген. Эгер мамлекет башчысы мыкты болсо, чек арасынан бир кадам ары бербесе  муну мыкты жетекчи, азамат мамлекет башчы болду деп айтышкан. Эгерде бир кадам жерди эч кимге бербей чек арасы кандай болсо так ошондой сактап келген мамлекет башчыны орто жакшы мамлекет башчы деп койгон. Бир эле кадам жерди берип койгон  мамлекет башчыны бул акмак экен, бул элдин шоруна жаралган адам экен дешкен. Бүгүнкү күндө биздин башчыларыбыздын баары кыргыз элинин атабыздан калган кан төгүп жүрүп бизге калтырып кеткен жерин үзүп-үзүп берип жатышат. Мына азыр өзбектер кирип келген жерди башынан баштап эле талаш жер деп айта башташты.  Демек тигилерге “биз силердин талаш жериңерге кирдик” дегенге мүмкүнчүлүк берилди.  Биринчи күндөн баштап силер биздин жерге кыргыздын жерине кирип кеттиңер деп айтыш керек эле да. Анткени аты дагы кыргызча “Сары-Булак”-деп аталып турат. Эгер талаштуу жер болсо айбандыгыбыздан жол салыптырбызбы. Эгер талаш болсо 200 метр алыстыктан жол салып өтпөйт белек? Өзбектерге берели деп асфальт жол салыптырбызбы?  Илгертеден эле кыргыздын жери. Бийлик башында олтургандар эгерде акылы болгондо биринчи күндөн баштап эле “кыргыздын жерине  кадам таштадың, токтот мындайыңды” деш керек эле. Ошондуктан урматтуу эл, бүгүнкү курултайда биз акылдуу чечим кабыл алышыбыз зарыл. Жогоруда айтылгандай  Ислам Каримов дагы акылдуу адам.  Менимче бекер жерден эки элди кагыштырып койбойт.  Биз Ислам Каримовго “мамлекеттин башындагы бир адам үчүн эки элдин ортосундагы ынтымакты бузбаңыз.  Аскерлериңизди чыгарып кетиңиз. Кыргыздын жерине бир кадам дагы тийбегиле. Биз силерди сыйлайбыз, силер бизди сыйлагыла”-деп айтышыбыз керек. Ошондой эле Путинге дагы “Орто Азия элинин ортосундагы ынтымакка көңүл бөлүңүз. Ушундай кадамдар болуп жатат. Сиз мындай кадамдарга кийлигишип, ынтымак менен чечип бериңиз” деш керекпиз. Мына ушунда гана биз жеңишке ээ болобуз. Эгер эл ушинтип дүрбөбөсөк,  кыйкырып сүйлөп өз талаптарыбызды койбосок “постун койсо коюптур, акыры ары жагына же бери жагына чечилет да” -десек каалаган жагына чечип коюшат. Антпейли, бул маселе таза чечилгенге чейин тикебизден тик туралы.

 Булак: “Жаңы ОРДО”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: