Menu

Фото – ИИМ: Мурда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды

Бөлүшүү:

2019-жылдын 23-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын кызматкерлери өткөн жылы сот отурумунан качып кетип, мурда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн К. Назаровду Бишкек шаарынан качууга аракет кылган жеринен кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Эскертебиз, 2016-жылы “Аксыалтын голд” ЖЧКсынын директору К. Назаров  мыйзамсыз баюу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин кызмат адамдары менен сүйлөшүп,  расмий отчетторго жалган маалыматтарды киргизишип, алдоо жолу менен ишенимди кыянаттык менен пайдаланышып, Сауксай алтын кени чыгуучу жерде 190 килограмм алтын бар деп жалган көрсөтүшүп,  1 200 000 АКШ долларына товардык-материалдык баалулуктар үчүн лицензияны сатып, мамлекеттик бюджетке тиешелүү төлөмдү  чегерген эмес. Жогорудагы факты боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын  Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 1-бөлүмү  (Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу), 183-беренесинин 1-бөлүмү (Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо), 166-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.  Андан сырткары, 2017-жылдын октябрь айында Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө үч жаран арыз менен кайрылган. Арызда алдоо жолу менен ишенимди кыянаттык менен пайдаланып, аразыдануучунун бирине таандык болгон Бишкек шарынын борборунда жайгашкан батирди сатып алам деген шылтоо менен ээлеп алып, 2016-жылдын 15-июнунан 2017-жылга октябрына чейин бекер колдонуп, ичиндеги эмеректи жарактан чыгарып салган.  Арызда К. Назаровго карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранышкан. Жабырлануучу 2 миллион 800 миң сомдук материалдык зыянга учураган.  Жогорудагы факты боюнча Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүмү  (Алдамчылык) менен кылмыш ишин козголгон. 2018-жылдын 15-апрель күнү  жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштерине шектүү катары К. Назаров кармалып, 2018-жылдын 17-апрель күнү бөгөт чарасын кароо учурунда  Бишкек шаарынын Лерин райондук сотунун отурум залынан качып кеткен. Андан соң, Ленин РИИБи мамлекеттер аралык издөө жарыялаган. Издөөгө алынган К. Назаров 2019-жылдын 23-апрель күнү Бишкек шаарынын аймагынан чыгып кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Азыркы учурда К. Назаров Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда К. Назаров, ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы териштирилүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: