Кыргызгидромет борбору маалыматы боюнча, эртең, 25-июнда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +13…+18, күндүз: +30… +35,
Таласта түнкүсүн: +7…+12, күндүз: +29…+34,
Баткенде түнкүсүн: +15… +20, күндүз: +31…+36,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +15…+20, күндүз: +31…+36,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +8…+13, күндүз: +19…+24,
Нарында түнкүсүн: +6…+11, күндүз: +21…+26,
Бишкекте түнкүсүн +18…+20, күндүз: +32…+34.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ